Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына Ысык-Көлдө даярданышат

© Sputnik / Табылды КадырбековДзюдочулар беттеш учурунда. Архив
Дзюдочулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата түзүлгөн календардык планына ылайык уюштурулууда.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Эртеңден тарта Кыргызстандын дзюдо чеберлери Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата түзүлгөн календардык планына ылайык, ошондой эле Азия чемпионатына даярдануу максатында уюштурулууда.
"Окуу-машыгуу 2021-жылдын 29-январында старт алып, 16-февралга чейин уланат. Ага улуттук курама команданын мүчөлөрү Кубанычбек Айбек уулу, Юрий Краковецкий баштаган 21 балбан катышат. Дзюдочуларды машыктыруучулар Абдужалил Юнусов, Сергей Кладнов жана Сергей Мистрюков даярдайт. Спортчулардын ден соолугуна дарыгер Иса Бичанов көзөмөл кылат", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик агенттик улуттук курама команданын машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланарын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0