Бир дагы оюн өткөрбөй... КРдин футбол курама командасынын баасы өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда команданын эң кымбат оюнчусу Валерий Кичин. Жыл ичинде анын баасы 400 миң еврого түшүп кетсе дагы мурдагыдай эле алдыда келе жатат.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жалпы баасы 1,3 миллион еврого өстү. Бул тууралуу футболчулардын трансфердик баасын саноо менен алектенген Transfermarkt.de басылмасы жазды.
Бир жыл мурда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчуларынын баасы 4 миллион еврого жеткен. Бул ирет аналитиктер 29 спортчуну эсептеп, жалпысынан аларды 5 миллион 475 миң евро турарын аныктады.
Тизмеде өткөн жылкы эле футболчулар калып, алардын катарын Эрнис Батырканов, Авазбек Откеев, Абай Боколеев, Калысбек Акималиев, Турсунали Рустамов жана Антон Землянухин толуктады.
Дордой жана Алай клубунун оюнчулары беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Дордой", "Алай" клубдарынын АФК кубогундагы атаандаштары аныкталды
Учурда команданын эң кымбат оюнчусу Валерий Кичин. Жыл ичинде анын баасы 400 миң еврого түшүп кетсе дагы мурдагыдай эле алдыда келе жатат. Анын артынан калышпай Гүлжигит Алыкулов келе жатат, учурда ал 750 миң еврого бааланууда. Булардан кийин Бекжан Сагынбаев менен Муролимжон Ахмедов турат.
Эске салсак, былтыр пандемиянын айынан курама команда бир да жолу оюн өткөргөн жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0