Олимпиада, Көчмөндөр оюну. Быйылкы спорттук мелдештердин планы бекиди

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVБалбандар беттеш учрунда. Архив
Балбандар беттеш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2021-жылы кыргызстандык атлеттер спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча жалпысынан 300дөй мелдешке катышат.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2021-жылга карата республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календардык планын бекитти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Мамагенттик спорттун түрлөрү боюнча улуттук курамалардын чеберчилигин өстүрүү максатында мелдештердин планын кабыл алган.
"Планда Олимпиада оюндары, дүйнө, Азия чемпионаттарында жана эл аралык мелдештерге катышуучу Кыргызстандын улуттук курама командаларынын чеберчилигин арттыруу каралган. Ошондой эле ата мекендик атлеттердин ийгиликтүү катышуусун камсыз кылуу максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылы кыргызстандык атлеттер спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча жалпысынан 300дөй мелдешке катышат.
Анын катарында Токио олимпиадасы, Дүйнө чемпионаттары, Көчмөндөр оюндары сыяктуу ири мелдештер бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0