Кыргызстанда алгачкы ирет спорт тууралуу телесериал тартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн күйөрман. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн күйөрман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссёрдун айтымында, азыркы тапта сериалдын 40 пайызы тартылып бүтүп калды. Көрүүчүлөрдүн назарына март айларында сунушталары күтүлүүдө.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы ирет "Стимул" деп аталган спорттук телесериал тартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын автору жана режиссёру Темирлан Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта сериалдын 40 пайызы тартылып бүтүп калды. Көрүүчүлөрдүн назарына март айында сунушталары күтүлүүдө.
"Буга чейин Коомдук биринчи каналда "Стимул" деген берүүбүз чыкчу. Анда аймактардагы спортчу кыздар-балдардын жашоосу, машыгуусу чагылдырылган. Ушул эле темада 10 даректүү тасма да тарттык. Спортчулар менен тыгыз иштешип жүрүп чемпион болуу канчалык оор экенин, машыктыруучулардын тарткан түйшүгүнө күбө болдук. Ал долбоордун арты менен бир топ залдар оңдолуп, жаш спортчулардын андан ары жолун улап кетүүгө өбөлгө түзүлдү десем жаңылышпайм. Кыргызстанда азыр сериал тармагы да жакшы өнүгүп келе жаткандыктан спортчулар тууралуу телесериал тартууну туура көрүп, ишти баштадык", — деди Жумабеков.
Режиссёрдун айтымында, тасма күрөш, дзюдо, бокс тармагындагы өкүлдөрдүн жашоосун баяндайт. Сериалга актёр катары көбүнчө дасыккан спортчулар тартылганы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0