Футзалчы Адилет Иманбеков Россиядагы биринчи оюнунда эле гол киргизди. Видео

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Адилет Иманбеков Россиянын Жогорку лигасындагы москвалык "Спартак" клубу үчүн дебюттук оюнунда гол киргизди
Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Адилет Иманбеков Россиянын Жогорку лигасындагы москвалык Спартак клубу үчүн дебюттук оюнунда гол киргизди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу "Спартак" клубунда, жаңы командасында 17-катар саны менен чыгат. Ал буга чейин да Россиянын Санкт-Петербург аймагынын Супер лигасында ойноп келген.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Адилет Иманбеков Россиянын Жогорку лигасындагы москвалык "Спартак" клубу үчүн дебюттук оюнунда гол киргизди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу өзү билдирип, оюндагы сүрөт, видеолорун жиберди.
Иманбеков кечээ келишимге кол койгон. Ошол эле күнү "Новая Генерация" клубуна каршы оюнга чыгып, гол киргизип, голдук пас берген.
"Эки жума сыноо болду. Ал ийгиликтүү өткөндүктөн менин командада калуумду суранышып, келишим сунуш кылышты. Кечээ эле команда менен келишимге кол койдум. Биринчи эле беттеште гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду. Дагы бир голго ыңгайлуу пас чыгарып бердим", — деп билдирди ал.
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү
Кыргызстандык спортчу жаңы командасында 17-катар сан менен ойнойт. Футзалчы бул номерди жеке каалоосу менен алган.
Иманбеков өлкөнүн Супер лигасындагы Бишкектин "Фарватер" клубунун намысын коргогон. Ал буга чейин да Россиянын Санкт-Петербург аймагынын Супер лигасында ойноп келген.
"Спартак" деңгээли боюнча Россиянын экинчи катардагы лигасында ойногон команда. Клуб учурда лигада алтынчы сапта келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0