Кыргызстандык калыс Өзбекстан – Аргентина командаларынын беттешин тейлейт

© Фото / Ассоциация футзала Кыргызской РеспубликиКыргызстандык футзал адиси, ФИФА калысы Нурдин Букуев. Архив
Кыргызстандык футзал адиси, ФИФА калысы Нурдин Букуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Ал Өзбекстандын Футзал ассоциациясынын өтүнүчү менен аталган беттешти тейлөөгө чакырылган. Букуев ФИФАнын тизмесине кирген кыргызстандык футзал калысы болуп саналат.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандык футзал адиси, ФИФА калысы Нурдин Букуев Өзбекстан – Аргентина курама командаларынын жолдоштук беттешин тейлейт. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча ассоциациясы билдирди.
Бүгүн, 2-февралда, жана эртең, 3-февралда, Ташкентте Өзбекстан курама командасы учурдагы дүйнө чемпиону Аргентина менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
"ФИФА рефериси Нурдин Букуев Өзбекстандын футзал ассоциациясынын өтүнүчү менен аталган беттешти тейлөөгө чакырылды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерди тейлеген ФИФАнын калыстар тизмесиндеги кыргызстандык жалгыз адис болуп саналат.
Ал төрт жолу дүйнө чемпионатында жана жети ирет Азия биринчилигинде беттештерге калыстык кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0