Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына күйөрмандар киргизилет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино. Архив
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
2022-жылдагы дүйнө чемпионаты Катар өлкөсүндө 21-ноябрдан 18-декабрга чейинки аралыкта өтөт. ФИФА жетекчилиги ал мезгилге чейин эпидемиологиялык жагдай жакшы болот деп үмүт артууда.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерге көрүүчүлөр киргизилет. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино билдиргенин РИА Новости жазды.
ФИФА башчысы ал мезгилге чейин эпидемиологиялык жагдай жакшы болот деп үмүт артууда.
"Стадиондорго күйөрмандар жык толот. Ал мезгилге чейин COVID илдетин жеңебиз, биз баарыбыз аны менен жашоону үйрөнөбүз", — деген Инфантинонун сөзүн Ассошиэйтед Пресс маалымат булагынын журналисти Роб Харрис Twitter баракчасына жазган.
2022-жылдагы дүйнө чемпионаты Катар өлкөсүндө 21-ноябрдан 18-декабрга чейинки аралыкта өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0