Сынган буту менен марага келип... Финляндиялык лыжачы кыздын мелдештеги окуясы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЛыжачы. Архив
Лыжачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Кырсык Швециянын Фалун шаарында өтүп жаткан лыжа спорту боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин ишемби күндөгү жарышында болгон.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Финляндиялык лыжа спортчусу Кертту Нисканен бутунун сынганына карабай бир нече чакырым жүрүп марага жетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от KEᖇTTᑌ ᑎIᔕKᗩᑎEᑎ (@kerttuniskanen)

Окуя Швециянын Фалун шаарында өтүп жаткан лыжа спорту боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин ишемби күнкү жарышында болгон.
Спортчу кыздын айтымында, ал өзү марага жеткенден кийин гана бутунун сынганын сезген.
"Фалундан жакшы эмес кабар бар. Ишемби күндөгү жарышта менин бутум катуу ооруду. Жарыштагы адреналиндин таасири менен марага чейинки акыркы чакырымдарды жаным кыйналганына карабай басып өттүм. Жарыштан кийин оору андан да күчөдү. Себеби Финляндияга келгенде так белгилүү болду, көрсө сол бутумдун сөөгү сынган экен. Учурда даярдыгым мыкты эле. Ушул кышта көп ийгиликтерге жетише алмакмын", — деп билдирүү калтырып, таяк менен түшкөн сүрөтүн койгон.
Ал учурда кыйын абалда калганын кошумчалаган.
Нисканен марага он экинчи болуп келген. Мелдеште швециялык Линн Сван жеңүүчү болгон. Ал эми россиялык Юлия Ступак экинчи орунду ээлеген.
Жаракат алган 32 жаштагы фин спортчу кыздын ден соолугу качан калыбына келери айтыла элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0