Жөө күлүк. Архив

КРдин жөө күлүктөрү Түркия менен Украинанын чемпионаттарына катышат

49
Биринчи мелдеш февралдын баш жагында Стамбул шаарында, экинчиси айдын ортосунда Сумы шаарында өтөт. Ага өлкө атынан эки спортчу бармакчы.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов менен Алмаз Эсенжанов Түркиянын жана Украинанын ачык чемпионаттарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Биринчи мелдеш 5-6-февралда Стамбул шаарында, экинчиси 9-12-февраль күндөрү Сумы шаарында өтөт.

Спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында турнирге жөнөтүлдү.

Бул иш сапар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына киргизилгени белгиленди.

49
Белгилер:
мелдеш, жеңил атлетика, спорт, Украина, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Мушкер Федосеев АКШдагы ММА уюмунун беттештерине чыгат
Кыргызстандык калыс Өзбекстан – Аргентина командаларынын беттешин тейлейт
UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко. Архив

Валентина Шевченконун жаңы атаандашы. Беттеш жазында болот

16
(жаңыланган 00:50 25.02.2021)
Валентина Шевченко өзүнүн титулун 24-апрелде коргойт. ESPNMMA бул тууралуу Дана Уайт кабарлагандыгын жазды.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко кезектеги беттешин Жессика Андраде менен өткөрөт. Бул тууралуу спорттук беделдүү ESPNMMA порталы билдирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ESPN MMA (@espnmma)

"Ок" кайтып келе жатат! Валентина Шевченко өзүнүн титулун эң жеңил салмакта 24-апрелде Жессика Андрадеге каршы чыгып коргойт. Бул UFC 261 турниринин алкагында болорун Дана Уайт @bokamotoespn билдирди", — деп айтылат андагы маалыматта.

Андраде өзүнүн спорттук карьерасында 29 беттеш өткөрсө, анын 21ин жеңген. Акыркысында Кэтлин Чукагянга жеңилүү ызасын тарттырган.

16
Белгилер:
Жессика Андраде, беттешүү, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды
Үч жашар Валентина менен жети жаштагы Антонина. Мушкерлердин сейрек сүрөтү
Челси клубунун чабуулчусу Оливье Жиру УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинде

Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу

160
Бул беттештеги россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин командасына жеңиш алып келген жалгыз гол болгону менен өзгөчөлөндү.

БИШКЕК, 24 фев — Sputnik. Лондондун "Челси" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинде чимирилип тээп киргизген голу талкууланып жатат.

Мындай окуя мелдештин плей-офф баскычында мадриддик "Атлетико" командасына каршы оюнда болду.

​Экинчи бөлүктүн 68-мүнөтүндө лондондуктар кезектеги чабуулун жасаган. Атаандаштын айып аянтында коргоочунун бутуна тийип асманга көкөлөгөн топту Жиру чалкасынан жыгылып бара жатып чимирилип тээп, дарбазага киргизген. Бул беттештеги жалгыз жана россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин командасына жеңиш алып келген гол болду.

​Эрежеге ылайык, "Атлетико" талаа ээси болгон. Бирок коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу беттеш Бухаресттеги бейтарап жерде өттү.

Жооптук беттеш 17-мартта Лондондо болот.

160
Белгилер:
гол, Оливье Жиру, Чемпиондор лигасы, УЕФА, футбол
Тема боюнча
Шумдук! Кыргызстандык футболчу Роналдиньонун голун кайталаган видео
Ок аткандай. Футболчунун алыстан тээп киргизген голу видеодо
Жолдогу жүк ташуучу унаа. Архив

Таңкы 6га чейин жабылды. Өлкөдөгү эки ири жолго чектөө киргизилди

0
(жаңыланган 00:53 25.02.2021)
Жолду көчкү кооптуулугунан улам жабууга Жарандык коргонуу башчысы-премьер министр бүгүн буйрук берген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.

"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана  Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.

Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.

0
Белгилер:
көчкү, Бишкек - Ош жолу, Жайыл району, Токтогул району, Кыргызстан
Тема боюнча
Көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды