БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу UFC мушкери Рафаэль Физиевдин менеджери Саят Абдрахманов менен кызматтык келишим түздү. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Instagram баракчасында күйөрмандарына жазган кайрылуусунда билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Спортчу акыркы эки айда жемиштүү машыгууларды өткөрүп, учурда табында экенин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө мыкты формадамын, баарыңыздарга кызыктуу беттеш тартуулагым келет. Машыктыруучуларым менен макулдашып, Саят Абдрахманов менен менеджерлик келишим түзүлдү. Учурда ар кандай уюмдардан сунуштар келип жатат. Менеджер менен бирге эң мыкты вариантын караштырып жатабыз", — деген спортчу.
Ал ошондой эле колдоочуларына ыраазычылык айтып, алардын үмүтүн актоого аракет көрөрүн кошумчалаган. Мушкер күйөрмандарынын анын беттешин күткөнүн, өзү да октагонду сагынганын белгиледи.
"Менин кийинки беттешим качан болору тууралуу көптөгөн суроолор келет. Муну эми менин менеджеримден сурасаңыздар болот. Ал менин күйөрмандарымдын суроолоруна жооп бергенге даяр", — деген ал.Бусурманкул Абдибаит уулу 2017-жылдан бери М-1 уюмунун мелдештерине чыгып келет. Ал ММА спортунда жалпысынан 15 беттешке чыгып, 11ин уткан. Бир таймашта тең чыгып, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Эскерте кетсек, Саят Абдрахманов кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев, промоушенде эң жеңил салмактын учурдагы чемпиону россиялык Петр Ян сыяктуу мушкерлер менен кызматташат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Оштун "Алай" футболдук клубу 15 жыл илгери Италиянын "Интер" клубунда ойногон Тияни Белаид аттуу футболчуну катарына алды. Бул тууралуу команда өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
33 жаштагы тунистик футболчу 2004-2007-жылдары Италиянын "Интер" клубунда ойногон. Кийин Нидерланддын ПСВ, Англиянын "Халл Сити", Кипрдин АПОЭЛ жана Португалия, Болгария, Германия, Тунис, Греция, Индонезия, Бахрейн өлкөлөрүнүн командаларында оюн көрсөткөн.
Чехиянын "Славия" клубу менен эки ирет өлкө чемпиону болгон. Оштук командага чейин ал Ирактын "Эрбиль" клубунун намысын коргогон.
Тияни Белаид 2006-жылдан 2015-жылга чейин Тунис өлкөсүнүн улуттук командасынын курамында ойногон.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жеңилбес мушкер Руслан Эмилбек уулу ONE Championship уюмунда дебюттук беттешине чыгат. Мелдештин расмий постерин аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Промоушендин Fists of Fury 2 мелдеши 5-мартта Сингапурда өтөт.
Кыргызстандык атлеттин атаандашы япониялык Йошики Накахара болмокчу.
Руслан Эмилбек уулу ММА спортунда 12 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Ал эми анын атаандашы Йошики Накахара 18 беттештин 13үн утуп, беш ирет жеңилүү ызасын тарткан.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы калпак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгонун белгилеп, абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келгенин белгилеген.
"Ата-бабабыз кастарлаган ак калпак кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары акылман, уз-чебер энелерибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыюусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр-азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген", — деп айтылат куттуктоодо.
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
"Кыргыздын улуттук кийимдери элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан-муунга таберик болуп сакталып калды", — деди президент.
Сөзүнүн соңунда кыргыздын байыркы нарк-насили, улуттук көркөм дөөлөттөрү сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта берерине тилектештигин билдирген.