БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандык алты дзюдочу эл аралык Tel Aviv Grand Slam Israel турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, спорттук иш-чара 18-20-февраль күндөрү Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт.
Аталган мелдешке төмөнкү дзюдочулар барат:
Спорт агенттиги мелдешке катыша турчу дзюдочулар менен машыктыруучулар республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлгөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.
Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.
Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.