ММА секс-символу атаандашын кекиртектен алды. Көз караштар таймашынан видео

© AFP / Nicholas HuntММА уюмундагы эң чырайлуу мушкерлердин бири Пейдж Ванзант. Архив
ММА уюмундагы эң чырайлуу мушкерлердин бири Пейдж Ванзант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Пейдж Ванзант өткөн жылдын октябрь айында UFC уюмунан кетип, учурда мээлейсиз, муштум менен урушкан таймаштын Bare Knuckle FC лигасында дебюттук беттешке даярданып жатат.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. ММА уюмундагы эң чырайлуу мушкерлердин бири Пейдж Ванзант көз караштар таймашында чатак чыгарды. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bare Knuckle FC (@bareknucklefc)

Ал өткөн жылдын октябрь айында UFC уюмунан кетип, учурда мээлейсиз, муштум менен урушкан таймаштын Bare Knuckle FC лигасында дебюттук беттешке даярданып жатат. Алгачкы ирет Бритейн Харт менен 6-февраль күнү күч сынашат.
Бүгүн спортчу кыздар таразага түштү. Андан соң алар көз караштар таймашына чыгып, ал жерден Ванзант атаандашын кекиртектен алды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bare Knuckle FC (@bareknucklefc)

Жооп картары Харт ага бир нече жолу кыйкырып, чаап ийүүгө дагы аракет кылды. Бирок максатына жеткен жок.
26 жаштагы Ванзант UFC уюмундагы акыркы беттешин былтыркы жылдын 11-июлунда "Мушкерлер аралында" Аманда Рибас менен өткөрүп, утулуп калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0