Өлкөнүн грек-рим күрөшүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов төрт Олимпиадага спортчу даярдаган адис болуп саналат. 2008-жылы Пекин Олимпиадасында күмүш медаль уткан Канатбек Бегалиевдин жеке машыктыруучусу болгон. Бирок Кыргызстандын Пекинге барчу расмий делегациясынын курамына кирбей калган. Ага карабай өз жолу менен барып, шакиртине ар тараптан колдоо көрсөткөн.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик спортчулардын Олимпиада оюндарына даярдыгы боюнча маектерди жарыялап келет. Анын алкагында Мейрамбек Ахметовду кепке тарттык.
— Мейрамбек мырза, Пекин Олимпиадасына "уурданып" барып келгениңиз боюнча айтып бериңизчи...
— Бул кызык окуя болгон. Мен даярдаган балбан Канатбек Бегалиев Пекин Олимпиадасына жолдомо алды. Даярдыкты бекемдеп, оюнга жакындаганда КРден барчу расмий өкүлдөрдүн тизмеси бекитилип, ага мен кирбей калдым. Мурда улуттук команданын башкы машыктыруучусу, жардамчысы барчу. Балбандардын жеке устаты жиберилбей келген.
— Сиз ошого карабай жолго аттандыңызбы?
— Ал кезде Александр Воинов Дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы болчу. Ага түз эле барып Пекинге барам деп жардам сурадым. "Эгер мен барсам, Канатбек Бегалиев байгелүү орунга жетет" деп сөз бердим. Эмненин негизинде мындай ишенимдүү болгонумду сурады. Ошол жылдары чынында Канатбек табында эле. Анын Олимп оюндарына барган атаандаштарынын баарын, Канаттын ким менен кандай күрөш алып барышы керектигин мен билчүмүн. Ушунун баарын айтсам мага билет менен виза жасатып берген. Анан Кытайдын элчилиги жабылды. Мен кат жазып, тийиштүү тараптарга кайрылып жатып, Олимпиадага бир күн калганда араң виза алганбыз. Бирок ал виза менен Пекинге барып, болгону Олимпиада шаарчасындагы спортчулар машыгуучу, беттешке даярдануучу аймакка гана кире аласың. Айла жок, ошого да макул болуп баргам.
— Анан кандай жагдайларга туш болдуңуз?
— Кызыктын баары ошол жакта башталды. Жата турган жай боюнча көйгөйлөр баштады. Эркин күрөш федерациясынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин бир тааныш полиция кызматкери бар экен, ошого дайындады.
Кытайга учуп бардык. Аккредитациясы барлардын баарын тосуп алып кетишти. Биз аэропортто калдык. Дайындаган полиция мени тосуп алып кабинетине алып барган. Иштеген бөлмөсүнүн бир четинде эки кабаттуу керебет бар экен ошого жатасың деп орноштуруп коюп өзү жумушу менен кетет.
Анын Руслан Түмөнбаев күрөшүп коло медаль утту. Бүтүндөй команда сүйүндүк. Канатбек экөө бир бөлмөдө болчу. Эртеси күнү Канат килемге чыгыш керек. Анан Русланды куттуктап келгендер көп болуп, Канаттын эс алганына, даярданышына жакшы мүмкүнчүлүк болбойт деп мен аны өзүм жаткан бөлмөгө алып кеттим. Психологиялык жактан даярдадым. Канат деле өзүнө аябай ишенип турган.
Кийин Канат күрөшкө чыкканда Руслан Түмөнбаевдин бейджигин тагынып алып жүрдүм.
— Башка бирөөнүн бейджиги менен кокус кармалып калсам эмне болот деген коркунуч болгон жокпу?
— Чынын айтсам, ошол оюма келген эмес экен. Балбандарыбыз жакшы күрөшсө экен деп жүрүп, кармалып калам деген ой такыр келбептир. Даярдыктын кумарына кирип кеткенде бирөөнүн бейджиги менен жүргөнүмдү деле унутуп калдым.
2012-жылы Лондон Олимпиадасында менин окуямдай болуп Кыргызстандын башка өкүлдөрү бирөөнүн бейджиги менен кармалып, уюштуруучулар тартып алышкан. Кийин аны депортация да кылган экен.
— Бегалиев килемге чыкканда сиз башкы машыктыруучу менен кошо секундант болгонсуз да?
— Кээ бир кармашында болдум, айрымдарына чыккан эмесмин. Канатбек Бегалиев 8/1 финалда америкалык Жак Детслер менен кармашканда чыгып башкы машыктыруучуга жардам берип, секунданттык кылгам.
Анын группасы татаал болчу, чүчү кулактын жыйынтыгы менен олимпиада чемпиону, дүйнө, Европа чемпиондору бир тарапка чогулуп калган. Ошого карабай четинен баары менен күрөшүп, финалга чыкты. Аябай сүйүнгөм. Андагы эмоцияларды, сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайсың.
— Сиз өзүңүз да профессионал балбан, СССРдин спорт чебери болгонсуз. Мунун баары далай жеңиштердин аркасынан келген да. Шакирттин ийгиликке жеткени да өзүнчө кубаныч болсо керек...
— Ал өзгөчө сезимдер да. Адам аны өз башынан өткөрмөйүнчө билбейт. Өзүң уткандай эле кубанасың. Өкүнүчтүүсү — эртеси күнү финалда Канатбек ута албай калды. Өлкө капчыгына күмүш медаль алып келгенин бүтүндөй кыргыз эли жакшы билет.
— Таптаган балбаныңыздын алтын медалга жетпей калганын устат, даярдаган киши катары кандай кабыл алдыңыз?
— Олимпиада башкача мелдеш, анын куну жогору. Дүйнө чемпионатын үч-төрт жолу жеңген балбандар ал жерден байгесиз кетет. Тажрыйбалуу спортчулар жыйынтык көрсөтө албай калышы мүмкүн. Ошондуктан андагы сүйүнүчтүн чеги болбойт, ал эми жеңилүүнүн түйшүгүн, ызасын тартуу өтө эле оор.
Кимге эмне деп сүйлөшүмдү билбей эле отуруп калгам. Көзүмдөн жаш агып... Ошондо кадимкидей ыйлагам да.
Атаандаш толук артыкчылык кылса, мүмкүнчүлүк бербей утса, анда айла жок. Канат 4:0 менен утуп жаткан да, 20 секунд эле ошол эсепти коргоп калса дүйнө чемпиону болмок. Анан кантип арман кылбайсың...
— Сиз төрт Олимпиадага спортчу даярдаган машыктыруучусуз. Канатбек Бегалиев менен Арсен Эралиев эки ирет чыгышты...
— Ооба, шакирттерим Канатбек Бегалиев Афина (2004-жыл) жана Пекин (2008-жыл) Олимпиадасына катышты. Ал эми Арсен Эралиев Лондон (2012) жана Рио (2016) оюндарында күч сынашты.
— Спортто калыстардын чечими да өзгөчө мааниге ээ эмеспи... Спорт саясаттан тышкары дегени менен ал жерде да "кол ийрисине тартат" деген көрүнүштөр орун алып кеткен учурлар айтылып жүрөт. Мындайлар Олимп оюндарында өзгөчө болушу керек...
— Мен машыктыруучулуктан сырткары Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) калыстар тизмесине кабыл алынып, мелдештерде калыстык кылам. UWW уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин спортчуларына тымызын колдоолор болот. Мисалы, Рио оюндарында Арсен Эралиев коло байге үчүн күрөштө атаандашын утуп жатканына карабай калыстар аны партерге (пассивдүү күрөшкөн балбанга колдонулуучу чара) коюп берген. Мындай чара күрөштүн эрежесинде жок. Бирок жасалды, атаандаш ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып утуп кетти.
Эки олимпиадада тең Арсенди уткан балбандар чемпион болушкан. 2012-жылы Лондондо алты жолку дүйнө чемпиону, ирандык Хамид Сориянга 2:1 эсебинде утулган. Ирандык башка атаандаштарына бир упай алдырбай утту. 2016-жылы Риодо болсо Арсен кубалык Исмаэль Боррерого 6:3 менен жеңилди. Кубалык калган атаандаштарынын баарын нөлдө калтырып уткан. Кийин чемпион болгондон кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, биринчи айлампадагы кыргызстандык балбан менен кармаш өтө оор болду деп айткан. Кудай маңдайга жазган эмес экен, медаль албай калды. Негизи Арсендин деңгээли мыкты болчу.
Канатбек Пекинде күрөшкөндө, мен жогоруда айтып кеттим, татаал сеткага түшүп калды. Бегалиев 2006-жылы Дүйнө чемпионатында экинчи орунда эле. Афина Олимпиадасынын чемпиону Фарид Мансуров, дүйнө чемпиону Армен Варданян, Европа чемпиону Николай Гергов баары бир группага түшүп калды. Бул да кокустук эмес...
— Спортчуну Олимпиада оюндарына даярдоодо эң түйшүктүү иш эмне?
— Негизи Олимпиадага жетип алуу кыйын (күлүп), лицензия алуунун өзү көп эмгекти талап кылат. Спортчуну ар тараптан даярдоо керек. Азыр күрөштө Олимпиадага 16 гана балбан барышы керек. Ошон үчүн лицензия алуу кыйын. Ушул башкы баскыч.
Ал эми жекелик спорттун башка түрлөрүндө, мисалы, бокс, дзюдодо Олимп оюндарына 32 атлет барат. Орун көп, лицензия алуу жеңилирээк. Мындан өткөндөн кийин даярдык атайын программалардын негизинде кетет. Жогоруда калыстар боюнча айтып кетпедимби... Чоң аренага чыкканда оболу атаандаш менен таймашасың, эгер "кол ийрисине тартат" болуп баштаса, анда эки тарапка каршы күрөшүүгө туура келет. Ошондуктан Олимпиада оюндары эки эсе күчтүү даярдык менен барууну талап кылат.
— Шакирттерди кантип тандайсыз? Мисалы, Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов сыяктуу таланттуу балдар сиздин колуңузга кандайча келип калган?
— Көп жагдай баланын намыскөйлүгүнөн байкалат. Жеңилип калса ызаланып, ыйлактаган баладан мыкты спортчу чыгат. Ийгиликке жетүүдө адамдын кулк-мүнөзү, аракетчилдиги, өжөрлүгү зор роль ойнойт.
Канат мага келгенде турникке он жолу араң тартынган бала болчу. Мен агамдын ысымына арналган мелдеште көрүп калгам. Канат жеңилип калган. Анан Таластагы алгачкы машыктыруучусу мага алып келген. Арсен болсо спорттук мектепке келгенде салмагы 22 килограмм эле. Аны менен күрөшө турган бала жок болчу. Ошондуктан комиссия аны кабыл алуудан баш тарткан. Анан ал менин жеке жоопкерчилигим менен алынган. Кийин кандай мыкты балбан чыкты. Бирок анын баары оңой болбойт. Ар кандай мүнөздөгү балдар болот, кези келет, урушасың, сабайсың. Кийин чоңойгондо теңата мамиле кыла баштайсың.
Азыр деле таланттуу жаштарыбыз көп, буюрса Кыргызстандын желегин желбиретип, өлкөбүздүн атын дүйнөгө таанытууга жөндөмдүү балдарыбыз арбын. Токио Олимпиадасына барабыз деген ниетибиз бар. Ийгиликтер али алдыда деген үмүт менен машыгууларды улантып жатабыз.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.
Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.
Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.