БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өлкөнүн Триатлон федерациясы Кыргызстанда Азия чемпионатын өткөрүү боюнча аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеме Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
2020-жылдын аягында Азия триатлон конфедерациясы Спринт дистанциясы боюнча континенттин чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүнү чечкен.
Бул континенттеги профессионал спортчулар үчүн маанилүү мелдеш болуп саналат. Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай ири масштабда саналуу гана мелдеш өткөн. Өлкөнүн Триатлон федерациясы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте буга карата даярдыктарды көрүп жатканы айтылат.
"Мелдештин деңгээли бийик болгонуна жараша анын бюджети да чоң. Аны каржылоо маселесин Жогорку Кеңештин депутаты, федерациянын президенти Бактыбек Турусбеков өкмөттө көтөрүүдө. Депутат анын аткарылышын да көзөмөлгө алат", — деп айтылат маалыматта.
Федерация мелдеш Кыргызстанга туристтерди жана спортчулардын кызыктырып, өлкөнүн имиджине пайда алып келет деп үмүттөнөт.
Кыргызстанга белгиленген жарыштын күнү, өтө турган жери азырынча аныктала элек.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Таиландда муай-тай мушкери атаандашын жоон санына катуу тээп нокаутка кетирди. Бангкоктогу мелдеште болгон окуянын видеосу интернетке чыкты.
Robert Sor.Thanabawon get back into the win column with a brutal leg kick KO3 against Saklek Kiatpetdecha. https://t.co/n02VAeMwW5 pic.twitter.com/hbYGwDUp6x
— Phan K.S. (@MTLevG) February 21, 2021
"Президент" каймана аты бар тай бокс чебери Роберт Сор Танабавон беттеште баштан-аяк атаандашына кубаттуу соккуларды уруп, чабуул жасаган. Үчүнчү раунддун орто ченинде анын атаандашы Саклека Киатфетчедыга бир катар соккуларды уруп, жоон санына катуу тепкен. Ал кулап, ордунан тура албай калган. Калыс муну нокаут деп эсептеп, беттешти дароо токтоткон.
Жергиликтүү ЖМКлар бул беттеш эки мушкер үчүн да дебюттук экенин жазышты.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кечээ кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен кармашары белгилүү болду.
Мушкерлер 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешерин уюмдун президенти Дана Уайтка таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу. 52 килограмм салмакта мурда чемпион болгон Андраде жакында эле Шевченконун салмагына — 57 килограммга өттү. Бул дивизиондун чемпиондукка талапкерлеринин тизмесинде бразилиялык спортчу биринчи орунду ээлеп турат.
UFC башчысы Дана Уайт мушкер кыздардын апрелдеги кармашы ушул жылдагы супер беттештердин бири болорун белгиледи.
"Бул беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатам. Валентина бир кездеги Тайсон (Майк) сыяктуу жеңилбес болуп турган чагы. Жакында эле анын дивизионуна Андраде которулуп, Чукагянды (Кетлин) нокаутка кетирип жеңди. Бул өтө кызыктуу кармаш болмокчу", — деген Уайт.
Кечээ жакында Валентина Instagram баракчасына кезектеги беттешине даярданып жаткан видеосун жүктөп, "Максат коюлду" деп жазган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Андраде 30 жашта, Бразилиянын Умуарама шаарында төрөлгөн. Мектепте дзюдо менен алектенип, алгачкы профессионалдык беттешин 2011-жылы өткөргөн. Аралаш мушташка чейин дарыканада, туристтер балык кармаган көлдө, ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген.
ММА спортуна 2013-жылы аралашып, ушул кезге чейин 29 беттештин 21ин уткан. Анын жетөөсүндө жеңишин нокаут менен майрамдаган. Жиу-жутсу, тай боксу боюнча да категориялык курлары бар.Андраде октагондо чагылгандай тез иштеп, күтүүсүз чабуулдарга өтүп, атаандаштарын бүк түшүргөн соккулары менен айырмаланып келет. Кыргызстандык спортчудан бою кичинекей болгону менен сөөктүү.
2019-жылы жазында америкалык чемпион Роуз Намаюнасты UFC 237 турниринин алкагында өзгөчө нокаут менен утуп, чемпиондук наамга ээ болгон. Анда Роузду өйдөрөөк көтөрүп туруп, башы менен жерге сая жыгып, андан соң сокку узаткан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бирок ошол эле жылы күзгө жуук Андраде кытайлык Вэйли Жанг менен күч сынашып, бир мүнөткө жетпеген убакытта нокаут менен утулуп, наамынан ажыраган.
Андраде Шевченко менен беттеши тууралуу комментарий берип жатып, ага оңой атаандаш эмес экенин айткан.
"Мен Шевченкону аябай сыйлайм. Аны жеңүү оор экенин да билем, бирок менин беттештеги стилим ага баш оору жаратат", — деген бразилиялык кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Андраде супер беттешке жан үрөп даярданып, күн сайын үч жолудан машыгып жатканын кошумчалаган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын каттагандыгын РИА Новости жазды.
Мурда ал 1942 рубль (2196 сом) турса, учурда кошумча нарк салыгын кошпогондо эки компонент 866,81 рубль (980.36 сом) болуп калды.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бул арзандоо препаратты жасап чыгаруудагы өнөр жай технологиясынын оптимизациялангандыгынан жана өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн улам болгонун айтты.
"Негизи вакцина чыгаруу жергиликтүү фармацевттик өндүрүш компаниясына берилген мамлекеттин социалдык буюртмасы. Катталган баа эмдөө боюнча россиялык мамлекеттик масштабдуу программадагы вакцинага гана колдонула тургандыгын эскерте кетмечибиз", — деп кошумчалады ал.
Премьер-министр Михаил Мишустин буга чейин вакциналардын баасы өтө кымбаттап кетпешин көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскерткен. Министрлер кабинетинин жетекчиси башкы максат арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.
Россиядан сырткары вакцинаны Беларуста, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Алжирде, Палестинада, Венесуэлада, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмирлигинде, Иранда, Гвинеяда, Тунисте, Арменияда, Мексикада, Никарагуада, Ливанда, Мьянма, Пакистанда, Монголияда, Бахрейнде, Черногорияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Сан-Маринодо, Гондураста жана Египетте колдошту.