БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" футбол клубу команданын башкы насаатчысынын уулу Кирилл Крестининди курамына алды. Бул маалыматты клубдун коомчулук менен иштөө боюнча адиси Теңкелбес Мусаев тастыктады.
Анын айтымында, 19 жаштагы коргоочу менен клубдун ортосундагы келишим бир сезонго түзүлгөн. Россиянын жараны Кирилл Крестинин 2018-жылы жана 2020-жылы Бишкектин "Илбирс" клубунда ойноп келген.
Команда, мындан сырткары, дагы бир россиялык футболчу Александр Мачевскийди да командага алган.
"Дордой" өткөн жылы мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болгон.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.
Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жиу-житсучу жана грэпплер Абдурахманхаджи Муртазалиевге "КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Тиешелүү чечим "КРдин 2021-2024-жылдарга карата бирдиктүү спорттук классификациясы" токтомуна ылайык кабыл алынган.
Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси жана ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган. Мындан тышкары, Жиу-житсу улуттук федерациясынын президенти.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.
Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.