Эркин күрөш боюнча балбандар Ысык-Көлдө машыгууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЭркин күрөш боюнча мелдеш. Архив
Эркин күрөш боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
1-февралда башталган даярдык иш-чарасы 20-февралга чейин уланат. Ага өлкөнүн мыкты делген 24 спортчусу катышууда.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өлкөнүн эркин күрөш боюнча балбандары Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында кезектеги окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындай иш-чара спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылдагы календардык планына ылайык, Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында өтүүдө.
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2021
Былтыркыдан көп балбан катышты. Эркин күрөш боюнча КР чемпионаты аяктады
1-февралда башталган даярдык иш-чарасы 20-февралга чейин уланат. Ага 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков, Дүйнө кубогунун коло байгесинин ээси Ислам Орозбеков сыяктуу 24 балбан катышууда. Спорттук иш-чарага башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетекчилик кылып жатат. Спортчулардын толук тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу аталган дирекция тарабынан каржыланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0