Италиялык футболчу Патрик Кутроне. Архив

Италиялык футболчу 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды

150
(жаңыланган 15:56 10.02.2021)
Буга чейин футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылганга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Италиялык футболчу Патрик Кутроне 51 күндө Европанын үч топ-лигасында ойноп тарыхта калды. Бул тууралуу Sports.ru сайты жазды.

Футболчуларга бир сезондо үч клубдун курамына жазылууга, бирок расмий оюндарда эки гана командага ойноого уруксат берилген. Бирок өткөн жылдын июнь айынан тарта Дүйнөлүк футбол федерациясы (ФИФА) ассоциациялар менен кеңешип, эрежеге убактылуу өзгөртүү киргизди. 2020/2021-жылдагы сезондун аягына чейин футболчулар үч клубга катталып, үчөөндө тең ойной алышат.

​Кутроне Италиянын "Фиорентина" клубунда ижаралык негизде ойноп, команда келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуп, оюнчу Англиянын "Вулверхэмптон" клубуна кайра келген. Сезондун аягына чейин спортчу Испаниянын "Валенсия" клубунун катарына кошулган.

Ал арада Патрик жаңы команда үчүн дебюттук оюнун өткөрдү.

150
Белгилер:
Европа, ФИФА, трансфер, футбол
Тема боюнча
"Дордой" футбол клубу машыктыруучу Крестининдин уулун командага алды
АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил. Архив

Шакил О'Нил рестлингдеги дебютунда рингден кулап, Тез жардам алып кетти. Видео

70
Бул NBA легендасынын аталган шоудагы дебюттук кармашы болгон. Таймаштан соң аны тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил All Elite Wrestling рестлинг-промоушенине чыгып рингден кулап түштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.

NBA легендасы дебюттук кармашында Жэйд Кэргилл менен биргеликте Коди Родес менен Рэд Велветке каршы турган.

Таймаштын жүрүшүндө Родес күүлөнгөн бойдон тулку бою менен секирип, рингдин сыртында турган Шакилге урунган. Баскетболчу атаандашын кучактаган бойдон кулап, жердеги столдун таш-талканын чыгарышкан.

​Таймаштан соң алп баскетболчуну тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.

​Калыстардын чечими менен жеңиш О'Нил менен шериги Кэргиллге ыйгарылган.

Рестлинг — бул театрлаштырылган спорттук шоу болуп саналат. Анын сценарийи шоу учурунда иштелип чыгат же алдын ала ойлонуштурулат.

Шакил О'Нил — Улуттук баскетбол лигасынын төрт жолку чемпиону. Анын бою 2 метр 16 сантиметр болсо, салмагы 147 килограмм. Ал NBA мелдешинин тарыхында эң көп упай алган алты спортчунун бири болуп эсептелет.

70
Белгилер:
Шакил О'Нил, оорукана, тез жардам, жаракат, окуя, дебют
Тема боюнча
Тай бокс чебери атаандашын санга тээп нокаутка кетирди. Видео
Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу. Архив

Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун лигасында беттешке чыгат

200
(жаңыланган 11:10 05.03.2021)
Кыргыз мушкери ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмунда кезектеги беттешине чыгат. Мелдештин расмий постерин аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от EAGLE FIGHTING CHAMPIONSHIP (@eaglefcmma)

UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Хабиб Нумагомедовдун лигасынын EFC 34 мелдеши 19-мартта Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болот.

Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген. Карьерасында үч ирет жеңилүү ызасын тартканы маалым.

Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.

200
Белгилер:
беттешүү, мушкер, ММА, Бусурманкул Абдибаит уулу
Тема боюнча
Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу
Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү
Ми-8 тик учагы. Архив

Ысык-Көлдө кыйраган 37 млн. сомдук тик учак. Ми-8 кантип кырсыктаган

0
Мындан эки жыл мурун Ысык-Көлдө Генералдык штабдын Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кырсыктап, анда чет элдик туристтер жабыркаган. Кийин окуянын себептерин укук коргоо кызматкерлери, атайын комиссия иликтеген.

Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.

Туризмде колдонулган аскердик учак

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.

Тоонун башында калган туристтер

Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.

Вертолет воздушной обороны ВС КР потерпевший крушение на Иссык-Куле
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Ысык-Көлдө куткаруу операциясына барган кырсыктаган МИ-8 тик учагы

Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.

Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.

Авиакырсык эмне себептен келип чыккан?

Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.

Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.

Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.

"Ал каттам полковниктин буйругу менен ишке ашкан. Ага чейин техникалык учуп-конууну ийгиликтүү аткарып, андан соң гана Чар-Кудуктан Түштүк Эңилчекке жол тартканбыз. Көздөгөн жерибизге жетип, конуп жатканда тик учак сол жакка бир топ эле ооп кеткен. Ошол маалда бизди көздөй бир адам келе жаткандыктан ага винт тийбесин деп солго бурганда оң жактан шамал соккон. Ал ирмемдерде жерге кулай турганыбызга көзүбүз жеткенде ылдамдыкты төмөндөтүп, жерге акырын урунгудай шарт түзгөнгө аракет кылгам. Так ошондо мен штурвалга ээ боло капчыгайга кирип кеттик. Кулаганда бардык жабдуулар өчтү. Мен инструкциянын негизинде гана аракеттерди жасагам", — деген айыпталуучу.

Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.

Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.

0
Белгилер:
Ысык-Көл, сот, кырсык, тик учак, Кыргызстан
Тема боюнча
39 кишинин өлүмүнө ким күнөөлүү? Дача СУдагы авиакырсыктын анык себеби
Дача СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби