Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпионаты өтөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБильярдчы. Архив
Бильярдчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Мелдешти Кыргызстандын бильярд спорту федерациясы менен олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы биргеликте уюштурууда.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бильярддын "Айкалышкан пирамида" түрү боюнча эркектер жана аялдар арасында өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдешти Кыргызстандын Бильярд спорту федерациясы Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы менен биргеликте уюштурууда.
"Мелдешке көрүүчүлөр киргизилбейт. Бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат", — деп айтылат маалыматта.
Кий чеберлеринин таймашы 24-26-февраль күндөрү Бишкектеги PAVO бильярд клубунда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0