Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев. Архив

Кыргызстандык футболчу Тамирлан Козубаев россиялык клубга өттү

88
(жаңыланган 15:35 11.02.2021)
Футболчу буга чейин Индонезиянын "Персита Тангеранг" клубунда ойногон. Улуттук курама команданын сабында 27 беттеш өткөрүп, эки гол киргизгени белгилүү.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Россиянын "Шинник" клубуна өттү. Бул тууралуу ярославдык клуб өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ФК Шинник Ярославль (офиц.) (@fcshinnik)

Козубаев буга чейин Индонезиянын "Персита Тангеранг" клубунда ойночу. Улуттук команданын футболчусу карьерасында бишкектик "Дордой", "Алга", литвалык "Шауляя" жана "Гранитас", ошондой эле малайзиялык "Пербаданан Кемажуан Негери Селангор" клубдарынын намысын коргогон. Ал эми улуттук курама команданын сабында 27 беттеш өткөрүп, эки гол киргизген.

"Шинник" Россиянын Футбол боюнча улуттук лигасында (ФУЛ) ойнойт. Лигада учурда тыныгуу болгондуктан, Тамирлан кечээ команда менен окуу-машыгуу үчүн Түркияга учуп кеткен.

Кышкы тыныгуудан кийин лиганын алгачкы оюнунда ярославдык команда 27-февралда Ростовдун "Чайка" клубу менен конокто беттешет. 6-мартта "Шинник" лиганын лидери "Оренбург" клубун кабыл алат.

88
Белгилер:
Россия, трансфер, Тамирлан Козубаев, футбол
Тема боюнча
Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Эркин күрөш боюнча балбандар Ысык-Көлдө машыгууда
Көк-бөрү ойногон Казакстан жана Кыргызстан улуттук командасы. Архивдик сүрөт

Кыргыз-казак эли спорттун улуттук түрлөрүн, элдик оюндарды өнүктүрөт

42
Эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосунда спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында макулдашуу иштелип чыккан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Президенттин мамлекеттик иш сапарынын алкагында биринчи жолу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.

Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:

  • улуттук спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын улуттук спорттун түрлөрүн эл аралык аренага жайылтууда бири-биринин демилгелерин колдоо;
  • спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялар менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты орнотууга, спорттогу эл аралык федерациялардын жана ассоциациялардын иш-аракеттеринин алкагында алардын өз ара аракеттенишине көмөктөшүү;
  • улуттук спорттун түрлөрүнүн стандарттарын жана эрежелерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдоо;
  • спорттук машыктыруучуларды жана спортчуларды даярдоодо, ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын улуттук спортунун түрлөрү жана элдик оюндары жаатында адистердин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүү;
  • Кыргызстан жана Казакстандын турмушундагы маанилүү даталарга жана окуяларга арналган спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды кубаттоо.
42
Белгилер:
макулдашуу, министрлик, мамлекеттик иш сапар, Казакстан, президент
Тема боюнча
Манас Ниязов Көчмөндөр оюнунда араздашкан казак улакчысы менен элдешти. Видео
Ноорузда өтүүчү көк бөрү мелдешине Казакстандан команда чакырылды
Чемпион Азии по джиу-джитсу Абдурахманхаджи Муртазалиев

Абдурахманхаджи Муртазалиев КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери наамын алды

74
(жаңыланган 18:21 02.03.2021)
Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жиу-житсучу жана грэпплер Абдурахманхаджи Муртазалиевге "КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Тиешелүү чечим "КРдин 2021-2024-жылдарга карата бирдиктүү спорттук классификациясы" токтомуна ылайык кабыл алынган.

Ошондой эле таэквон-до ИТФ боюнча машыктыруучу Виталий Олейниченкого жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Нурлат Такировго "КРдин эмгек сиӊирген машыктыруучусу" спорттук наамы ыйгарылды.

Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси жана ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган. Мындан тышкары, Жиу-житсу улуттук федерациясынын президенти.

74
Белгилер:
наам, джиу-джитсу, спорт, Абдурахманхаджи Муртазалиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Дзюдо боюнча Бишкекте өтчү Азия жана Океания мелдешинин расмий постери чыкты
Жыгылып, кайра турду. Тыныбекованын Киевде жеңишке жеткен видеосу
Лаборатория кызматкери. Архив

Коронавирус бир адамдын өмүрүн алып, 48 кишиден оору табылды

0
(жаңыланган 10:18 03.03.2021)
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпы 86 359 адам оору илештирген. Анын ичинен 1 468 бейтап акка моюн сунганы маалым болду.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 17;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 6;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 17;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 9.

Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.

Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.

Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.

Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.

0
Белгилер:
оорукана, бейтап, илдет, оору, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган