UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкектеги ИИМдин академиясында

UFC мушкери Физиев Бишкекке келип, өзү окуган ИИМ академиясына барды. Сүрөт

1054
(жаңыланган 16:58 12.02.2021)
Мушкер өзү окуп кеткен ИИМ академиясына келип, мугалимдер жана курсанттар менен жолугуп, спорттогу жетишкендиктери менен бөлүшкөн.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды.

  • UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды
    UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды
    Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МВД КР
UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды
"Мушкер өзү окуган окуу жайдын мугалимдери, машыктыруучулары менен жолугуп, курсант кездеги кызыктуу окуяларды эскерди. Ал спорттогу жетишкендиктери жана алдыдагы пландары менен бөлүшүп, академиянын спорт залын көргөн", — деп жазылат маалыматта.

Мушкер жолугушуунун соңунда окуу жайдын кызматкерлери жана курсанттары менен эстеликке сүрөткө түшкөн.

Физиевдин Бишкектеги спорт клубдарда машыккан спортчуларга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөн видеолору социалдык тармактарга жарыяланууда.

Спортчу Кыргызстанга 6-февралда келген. Бишкекте дагы он күнчө болору айтылды.

UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери кыргызстандык Рафаэль Физиев өткөн жылдын 13-декабрында бразилиялык Ренато Мойкано менен чыгып, аны биринчи эле раундда нокаутка түшүрүп уткан.

Спортчу UFC уюмунда төрт ирет октагонго чыгып, удаасы менен үч беттешин жеңген. Ал жалпысынан ММА спортунда 10 жолу таймашка чыгып, тогуз атаандашын утуп, бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.

1054
Белгилер:
академия, мушкер, UFC, Рафаэль Физиев, жолугушуу
Тема боюнча
Тизе менен бүк түшүрө тээп. UFC мелдешинин эң кызыктуу учурлары видеодо
Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды
Кыргызстан оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты

Темир билек балбандар. Оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

41
(жаңыланган 13:55 09.03.2021)
Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулду.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

  • Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
    Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
  • Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди
    Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
  • Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган
    Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган.

"3-5-март күндөрү өткөн мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 100дөй темир билек балбан эркектер жана кыздар катышты. Алар 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109 килограмм жана андан оор салмак категорияларында күч сынашты. Ал эми 45, 49, 59, 64, 71 жана 76 килограмм салмакта кыздар таймашып, мыктылар аныкталган. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлеген оор атлетчилер дирекциянын диплом, медалдары менен сыйланышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Быйылкы жылдын чемпиондору жана байгелүү орундардын ээлери боюнча толук маалыматты агенттиктин сайты аркылуу билүүгө болот.

41
Белгилер:
жыйынтык, мелдеш, чемпионат, Кыргызстан, оор атлетика
Тема боюнча
Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды
Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты
Мушкер. Архив

Үч кыргыз мушкери катышат. Brave CF уюму кезектеги мелдешинин файткартын чыгарды

111
Уюмдун кезектеги мелдеши 11-мартта Бахрейнде өтөт. Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу кеченин башкы беттешинде таймашка чыгат. Дагы эки кыргызстандык атлет дебюттук беттештеринде күч сынашат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Brave CF уюмунун кыргызстандык үч мушкер катыша турган кезектеги мелдешинин расмий файткарты чыкты. Беттешчү атлеттер жубун аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BRAVE Combat Federation (@bravemmaf)

BRAVE CF 47. Asian Domination мелдеши 11-мартта Бахрейнде өтөт. Кыргызстандык мушкер Кубанычбек Абдисалам уулу кеченин башкы беттешинде таймашка чыгат. Ал ММА тармагындагы эң абройлуу UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дай менен кез келет.

Абдисалам уулу 16-январда тажикстандык Жагонгир Саиджамаловду экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Аталган турнирде дагы эки кыргызстандык атлет дебюттук беттештеринде күч сынашат. Немат Абдрашитов россиялык Анзор Абдулхожоев менен кармашса, Рыскулбек Ибраимов казакстандык Асу Алмабаев менен таймашат.

111
Белгилер:
мушкер, мелдеш, ММА
Тема боюнча
Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун лигасында беттешке чыгат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен бармай болду

0
(жаңыланган 16:27 09.03.2021)
Сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

0
Белгилер:
мамлекеттик сапар, президент, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Коңшулук мамилени арттыралы. Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысын кабыл алды