Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет

© Фото / Тотзи Эгидюс БабелисАвтогонщик Данас Азикеев, проживающий в Вильнюсе
Автогонщик Данас Азикеев, проживающий в Вильнюсе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Данас Азикеев Литвада туулуп-өскөн. Алты жылдан бери автоспорт менен алектенет. Спорттук машинасы Кыргызстандын желеги менен жасалгаланган. Каармандын айтымында, анын литвалык достору Кыргызстанга аябай суктанып келишет.
Данас Азикеевдин атасы Эрик Азикеев Ысык-Көл облусунда туулган. 1982-жылы авиа окуу жайды бүтүргөн соң Литвага бөлүнүп, ошол боюнча калып калган. Тун уулу Данас 33 жашта. Үч бир туугандын улуусу ушу тапта эки баланын атасы. Sputnik агенттиги чет жакта жашап бир топ ийгиликке жеткен кандашыбыз менен маек курдук.
— Кыргызстанга акыркы жолу качан келдиңиз эле?
— Эки жыл мурун барып келгем. Азыр карантин болуп, Кыргызстанга баруу бир топ кыйынчылык жаратып жатат. Менин мекеним да. Жыл сайын барганга аракет кылам. Биринчи жолу бирге чыкканда алып барышса керек. Союз тарай элек кезинде СССР ичинде каттам арзан жана жеңил болчу да. 
© Фото / из личного архива Данаса АзикееваДанас Азикеев жубайы Йолита экөө Данияр жана Скаюс аттуу уулдарды тарбиялап келишет
Автогонщик Данас Азикеев, проживающий в Вильнюсе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Данас Азикеев жубайы Йолита экөө Данияр жана Скаюс аттуу уулдарды тарбиялап келишет
— Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Кайдан билим алып, эмне иш кыласыз?
— Атам Ысык-Көлдө төрөлгөн. Фрунзедеги авиа окуу жайын бүткөн соң Литвага жөнөтүлгөн экен. Ушул жактан үйлөнүп, жашап калыптыр. Учурда пенсионер, Вильнюс шаарында турат. Апамдын аты Ирена, кесиби боюнча юрист. Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда жана Бишкекте туугандарыбыз жашайт.
Мен 2011-жылы Вильнюс мамлекеттик университетинин математика жана информатика факультетин аяктагам. Эки жылдан кийин эл аралык бизнес жана финансы адистиги боюнча магистрдик даражамды жактадым. Учурда жеке ишкермин. Соода жана өндүрүш тармагында төрт ишкананы жетектейм.
Келинчегим Йолита Азикеева кесиби боюнча адвокат. 3 жаштагы Данияр, 1,5 жаштагы Скаюс аттуу эки уулубуз бар.
— Автоспортко болгон кызыгуу качан башталды?
Сотрудница лаборатории в Германии Айтурган Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2021
Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны
— 14 жашымда досум экөөбүз эски машиналардын тетиктерин чыгарып, металл алчуларга тапшыралы деп чечкенбиз. Ошентип бир "Жигулинин", андан кийин экинчисинин тетиктерин чечип баштадык. Кийинчерээк эски машиналарды жөн гана чачпастан, кантип иштей турганын карап, кызыгуу пайда болду. Бул алгачкы кадамдар эле.
16 жашымда биринчи машинамды сатып алдым. Ошол учурда Hondaclub, Toyotaclub сыяктуу автоклубдар уюшула баштаган. Чакан жарыштарды уюштуруп, өзүм дагы катышып жүрчүмүн. Анан эле баш-отум менен кирип, автоспорт хоббиме айланды. Натыйжада 2019-2020-жылдары автоспорт боюнча Литва чемпиондугунда башкы уюштуруучу болдум.
Автоспорттун мага жаккан дагы бир жагы — адреналин алганың. Ылдамдыктан коркпойм, 200 чакырымдан ашыра айдап, бурулуштардан 70ке чейин түшөм. Бул учурлар мага өзгөчө эргүү берет. Машинамдын тормоз тетиги Lamborghini, Ferrari унааларыныкындай. Баса, машинамдын үлгүсү BMW E36, баасы 25-30 миң евронун тегереги. 
© Фото / Тотзи Эгидюс БабелисДанастын автоспортко болгон кызыгуусу машиналардын тетигин чечип, металл алчуларга өткөрө баштагандан тарта пайда болгон
Автогонщик Данас Азикеев, проживающий в Вильнюсе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Данастын автоспортко болгон кызыгуусу машиналардын тетигин чечип, металл алчуларга өткөрө баштагандан тарта пайда болгон
— Жарыштар кандай өтөт? Баяндап берсеңиз?
— Чоң авто жарыштарга катышып баштаганыма жалпы алты жыл болду, үч жылдан бери профессионалдуу деңгээлде автоспорт менен алектенип келем. 
Мен катышкан авто жарыштарда кыргыздын символикаларын байкоого болот. Мисалы, Кыргызстандын желегин алып келебиз, калпак киебиз. Менин спорттук машинама Кыргызстандын желеги түшүрүлүп кооздолгон. Ар бир авто жарышта атам шишкебек жасап, аш басып келет. Биз үчүн мунун баары салтка айланган. Мени тааныштарым, досторум "Литвадагы эң күлүк кыргыз" дешет (күлүп).
— Автоспорт сизге киреше алып келеби?
— Жок, автоспорттон акча таппайм. Профессионалдуу хоббим болгондуктан көп акча коротом. Маселен, бир  жыл ичинде машинамдын дөңгөлөгүнө эле 5 миң евро сарпталат. Эгер бир сезон ичинде машинаны жакшы колдонсом, анда 10 миң еврого чейин жумшайм. 
© Фото / Тотзи Эгидюс БабелисДанас Азикеев: хоббим мага өзгөчө эргүү берет. Машинамдын тормоз тетиги Lamborghini, Ferrari унааларыныкындай. Баса, машинамдын үлгүсү BMW E36, баасы 25-30 миң евронун тегереги.
Автогонщик Данас Азикеев, проживающий в Вильнюсе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Данас Азикеев: хоббим мага өзгөчө эргүү берет. Машинамдын тормоз тетиги Lamborghini, Ferrari унааларыныкындай. Баса, машинамдын үлгүсү BMW E36, баасы 25-30 миң евронун тегереги.
— Жарышка түшүп бүлөңүздү, жакындарыңызды жакшы эле санаага салат болушуңуз керек?
Эссен университеттик клиникасында иштеген кыргызстандык хирург Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2021
Дүйнөдөгү күчтүү профессорлор менен иштеген хирург. Германиядагы Шайбеков менен маек
— Апам башынан эле коркот. Жубайым эки жылдай сарсанаа болуп жүрдү. Токтотушумду өтүнүп да көрдү. Мен өзүм деле "балалуу болгондон кийин таштасам керек" деп ойлочумун. Бирок таштай алган жокмун. Жакындарым дагы көнүп калды.
Хоббиме жоопкерчиликтүү мамиле кылам. Коопсуздук үчүн дагы акча жумшайм. Мисалы, жарыш учурунда машина кырсыкка учурап өрттөнсө, костюмум ысыкты денеме өткөрбөй 10 секунд кармап турат. Бул учурда мен машинадан чыгып кетишим керек.
— Пландар аябай чоң болсо керек...
— Бул жылы Литва биринчилигин багындырсам деген максатым бар. Ошондой эле Германиядагы эң белгилүү Нордшлайфе трассасына барып, авто жарышка катышууну пландап жатам. Кийинки жылы командабыз менен Испания, Италия сыяктуу чет өлкөлөрдөгү 4 сааттан 12 саатка чейинки авто жарыштарга катышууну көздөп жатабыз.
Мен үчүн Кыргызстанда да авто жарыш уюштуруу дайым актуалдуу. Бул тармакка кызыгып жүргөндөр болсо, алар менен чогуу ишке ашыргым келет. Бирок, менимче, Кыргызстанда авто жарышын уюштурууга азырынча шарт жетишсиз. Атайы айланма трассасы бар аянтча жок. 
— Кыргызстанга келгенде кимдерге жолугасыз?
— Жогоруда туугандарым тууралуу айтып кеттим. Ошондой эле тааныштарым, досторум бар. Ар барган сайын алар менен көрүшүп учурашып турам.
— Кыргыз тилинде сүйлөй аласызбы? Кайсы тамактарын жейсиз?
— Кичинекей кезимде атам мага кыргыз тилин үйрөткөн, бирок колдонулбай унутуп калдым. "Мен кыргызча билбейм" деген сыяктуу кээ бир эле сөздөрдү билем жана 10го чейин санай алам.
Шиш кебек, палоо, ашлян-фу жана мантыны жакшы көрөм. Кыргызстанга барсам эң биринчи ашлян-фу жесем керек. Литвада жок, көптөн бери жей элекмин, сагындым.
— Мекенге келгенде кайда барып, кантип эс аласыз?
— Кыргызстанды менин Литвадагы досторум дагы жакшы көрүшөт. Алар менен чогуу келгенде тоолорго, капчыгайларга барабыз. Айтматов сүрөттөгөн көлдүн жээгинде эс алабыз. Саякаттап, чокуларды багындырдык. Мен өз мекенимдин кооздугуна кандай суктансам, досторум дагы мендегидей эле сезимде болушат. Боз үйдө түнөгөндү жактырышат, кыргыздардын меймандостугун баалашат.
— Литвада коомдук иштерге аралашасызбы?
— Ооба, 2015-2018-жылдары "Либералдар кыймылы" партиясынын мүчөсү болгом. Ал эми 2019-жылы Литванын азыркы президенти Гитанас Науседанын шайлоо штабында жубайым экөөбүз каржы жагы боюнча жоопкерчилик алып иштедик. Азыр президент менен мамилем жакшы, кээде кофе ичип сүйлөшүп отурган учурларыбыз болот.
— Кыргызстандын саясатына кызыгасызбы?
— Кыргызстандагы саясат менен тааныштыгым аз. Беларусь, Литвадагы айрым элчилик, дипломаттар менен байланышып турам.
Chevening стипендиялык программасынын ээси, илимдин доктору жана антрополог Аксана Исмаилбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Германияда илимдин доктору болгон Аксана: патриархалдык коомду аялдар кармап турат
Билишимче, учурда Литва менен Кыргызстандын кызыкчылыгын канааттандырган алака жокко эсе. Мен эки мамлекеттин ортосундагы өкүл болгум келет. Бир гана автоспорт тармагында эмес, Кыргызстанды таанытуу жаатында да салымымды кошсом дейм.
Кыргызстанда майрам күндөрү үйүмдүн дубалына өлкөбүздүн желеги илинип турат. Өлкөм жөнүндө литва тилинде маалымат берген, башкача айтканда, рекламалаган сайтым бар. Атамдын сунушу менен сайтка Кыргызстандын жаратылышын көрүүгө чакырган турларды уюштуруп, жарыялап турам. Кыргыз жергесинин канчалык кооз экенин, каада-салтын, элинин меймандостугун чет элдиктерге тааныткым келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0