БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Оор атлетика боюнча кадеттер жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 17-19-февраль күндөрү Бишкек шаарында Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде болот.Иш-чара биринчи күнү саат 11:00дө башталат, ал эми расмий ачылышы 13:30га белгиленген.
Республикалык чемпионатты Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана Оор атлетика федерациясы уюштурууда. Бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталып, иш-чара көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.
Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.
Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.
Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Американын Иллинойс штатынын тургундары Facebook компаниясы адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн сотко берип 650 миллион доллар төлөттүрүп алды. Бул тууралуу Chicago Tribune гезити жазды.
2015-жылы штаттын жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан. Facebook талашты жөнгө салуу үчүн 650 миллион доллар сунуштаган, андан мурда компания 550 миллион берерин айткан. Бирок Сан-Францисконун аймактык соту бул сумманын жетиштүү экенинен күмөн санаган.
Маалыматта Facebook мындан ары жүздү таануу автоматтык технологиясын колдонбой турганы белгиленди. Компания колдонуучулар буга чейин деле жүздү таануу функциясын колдонуу же колдонбоону өздөрү чечип келгенин, бирок эми ал кызмат өчүк болорун, каалоочулар баракчанын тескөө бөлүмүнөн иштетип алса болорун айтышты.