UFC уюмунун жеңил салмактын көрүнүктүү мушкерлери Конор Макгрегор менен Дастин Порье. Архив

UFC: Конор Макгрегор менен Дастин Порье дагы беттешет

448
(жаңыланган 11:19 15.02.2021)
Эки мушкер чечүүчү үчүнчү беттешти өткөрүүгө макул. Промоушен милдеттүү түрдө бул таймашты өткөрүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактын көрүнүктүү мушкерлери Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин үчүнчү беттеши жайында өтөт. Бул тууралуу промоушендин башчысы Дана Уайт ESPN телеканалына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча иш жүрүп жатат.

"Азыркы тапта тизмеде биринчиде турган Дастин Порье менен алтынчы саптагы Конор Макгрегор ортодогу өз ара атаандаштыкты аягына чейин чыгарууга макул болуп жатышат. Мындайда биз беттешти уюштурууга милдеттүүбүз. Таймашты жай айына пландап жатабыз. Иш жүрүүдө", — деди промоушендин президенти.

UFC атлеттеринин беттеши 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өткөн. Анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап уткан. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилди.

Бул реванштык кармаш болду. 2014-жылы өткөн биринчи беттеште ирландиялык спортчу нокаут менен уткан.

448
Белгилер:
беттешүү, Конор Макгрегор, Дастин Порье, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
UFC мушкери Конор Макгрегор алты айга беттештерден четтетилди
Порьенин жубайы Жолинин утулган Макгрегордон кабар алган видеосу чыкты
Казакстандын көк бөрү оюнчулары. Архив

Көк бөрү: Нооруздагы мелдешке Казакстандын командасы келбей турган болду

112
(жаңыланган 13:56 08.03.2021)
Нооруз мелдешине карата чет жактардан команда чакыруу чечими Көк бөрү федерациясынын 2021-жылдагы календарлык планында кабыл алынган.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 21-мартта Нооруз майрамына карата жана Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев, Болот Шерниязовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке Казакстан, Афганистандан чакырылган командалар келбей турган болду. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга эпидемиологиялык абал жана чек арадагы чектөөлөр себеп болгон.

"Казакстан менен Афганистандан чакырылган командалар эпидемиологиялык абалга байланыштуу оюнга даярданып жетише албай калышты. Ошондуктан келбей турганын билдиришти. Биз аларды өзүнчө мелдеш уюштуруп чакырабыз. Чектөөлөргө байланыштуу чек аралардагы маселелер да буга себеп болду. Чек ара качан ачылары белгисиз болчу. Кыргызстандын президентинин Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынан улам гана чек арада чектөө бир аз жеңилдеди", — деди ал.

Өлкөнүн Көк бөрү боюнча улуттук федерациясы аталган турнирге Казакстан жана Афганистандан командаларды чакырган болчу. Нооруз мелдешине карата чет жактардан команда чакыруу чечими федерациянын 2021-жылга карата каралган календарлык планында кабыл алынган.

112
Белгилер:
Афганистан, Казакстан, ат майдан, Чолпон-Ата, мелдеш, Көк бөрү
Тема боюнча
Кыргыз-казак эли спорттун улуттук түрлөрүн, элдик оюндарды өнүктүрөт
Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт
Көк бөрү оюнчулары. Архив

Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт

140
(жаңыланган 12:38 08.03.2021)
Ат оюндары 13-21-март күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. 12-мартта чүчү кулак тартылат.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш быйыл көк бөрү легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган “Ачык чемпионат" деген аталыш менен уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясы билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Федерация Көк-Бөрү (@kokboru_federation)

Ат оюндары 13-21-март күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. 12-мартта чүчү кулак тартылат.

"Нооруз - 2021 турнири аталган улуттук оюндун легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган ачык чемпионат катары өткөрүлөт. Бул Көк бөрү федерациясынын башкармалыгында чечилген", — деп айтылат маалыматта.

Командалардын катышуу боюнча билдирүүлөрү 11-март күнү саат 17:00гө чейин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясына тапшырылышы керек.

Быйылкы мелдешке 26 команда катышары күтүлүүдө, оюндар тайпалык этаптан башталат.

Кыргызстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мелдешке Казакстандан команда чакырылганын билдирген.

140
Белгилер:
ат майдан, Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, мелдеш, Көк бөрү
Тема боюнча
Байгеге карышкыр да коюлду. Дача СУдагы бүйүр кызыткан аламан улактын видеосу
Ноорузда өтүүчү көк бөрү мелдешине Казакстандан команда чакырылды

Апта ирмеми: асманга атылган жанар тоодон уурдалган окуучуларга чейин

0
  • Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн
  • Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат
  • Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү
  • Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат
  • Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет
  • Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз
  • 2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду
  • АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат
  • Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
  • Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду
  • Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат
  • Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү
  • Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу
  • Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү
  • Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз
  • 6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү
  • Казакстандагы Байконур космодромунан Союз-2.1б космос кемеси Арктика-М аппараты менен кошо асманга учурулду. Арктика-М бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат
  • АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши
Жашоо дүйнөнүн ар кайсы бурчунда түрдүү окуялар менен коштолуп жатат. Кээ бир аймактарда нааразычылык акциялар өтүп жатса, айрым өлкөлөрдө балдар уурдалууда. Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Суматра (Индонезия) аралында Синабунг жанар тоосу атылды. Анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып, өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президент Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Ереванда (Армения) премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициянын нааразычылык акциясы өттү.

Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси асманга учту. Ал Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык "Арктика-М" космостук аппараты менен кошо учурулган.

Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер мектепке кол салышып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Кийинчерээк балдар куткарылды.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин Ан-26 учагы менен парашюттан секирүү боюнча машыгуусу өттү.

Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер Усман Сонко камакка алынгандан кийин өлкөнүн Дакар жана башка шаарларында массалык митингдер өтүп, имараттарды өрттөө жана мародерлук менен коштолду.

Италияда салттуу Милан мода жумалыгы өттү.

Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак болду. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап мелдешти.

 

0
  • Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн
    © REUTERS / ANTARA FOTO

    Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн

  • Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат
    © AFP 2021 / PUNIT PARANJPE

    Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат

  • Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү

  • Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат
    © REUTERS / KAI PFAFFENBACH

    Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат

  • Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет
    © REUTERS / AFOLABI SOTUNDE

    Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет

  • Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз
    © AFP 2021 / PAU BARRENA

    Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз

  • 2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду

  • АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат
    © REUTERS / MARIA ALEJANDRA CARDONA

    АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат

  • Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
    © REUTERS / MONICAH MWANGI

    Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат

  • Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду
    © AP Photo / Leo Correa

    Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду

  • Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат
    © AP Photo / Kiichiro Sato

    Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат

  • Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү
    © AP Photo / Daniel Cole

    Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү

  • Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу
    © Sputnik / Арам Нерсесян

    Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу

  • Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү
    © REUTERS / VALENTINO

    Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү

  • Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз
    © Sputnik / Сергей Пятаков

    Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз

  • 6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү

  • Казакстандагы Байконур космодромунан Союз-2.1б космос кемеси Арктика-М аппараты менен кошо асманга учурулду. Арктика-М бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат
    © Фото / пресс-служба Роскосмоса

    Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси "Арктика-М" аппараты менен кошо асманга учурулду. "Арктика-М" бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат

  • АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши
    © AP Photo / Robert F. Bukaty

    АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши

Белгилер:
апта, машыгуу, Россия, Кыргызстан, сүрөт
Тема боюнча
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
3 500 метр бийиктиктен парашют менен секирген КР десанттары. Сүрөт түрмөк