Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив

Мьянмадагы абалдан улам КРдин футболдук курама командасы марттагы оюнга барбайт

84
(жаңыланган 18:10 15.02.2021)
Алдын ала маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасынын оюну июнь айына жылдырылды. Мьянмада төңкөрүштөн соң бир жылга өзгөчө абал жарыяланган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мьянма — Кыргызстан курама командаларынын 30-мартка белгиленген футбол боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо туруна карата беттеши токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.

Тандоо турунун алкагында 2020-жылдын март айына белгиленген оюн COVID пандемиясына байланыштуу быйылкы жылдын 30-мартына жылдырылган болчу.

Мьянмадагы саясий жана эпидемиологиялык абалдан улам Мандалай шаарына белгиленген оюн да болбой калды. Алдын ала маалымат боюнча, оюн июнь айында болот.

Эскерте кетсек, 1-февралда Мьянмада аскердик күчтөр бийликти басып алган. Алар өлкө лидери, мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су, президент Вин Мьин менен башка жогорку кызматтагы аткаминерлерди кармап алышкан. Басып алгандар өлкөгө бир жылга созулган өзгөчө абал режимин жарыялаган.

ЖМКларда айтылгандай, өлкөдөгү бардык бийлик аскер күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Мин Аунг Хлайнга өткөрүлүп берилген.

Мындай окуя ноябрдагы шайлоодо "Демократия үчүн улуттук лига" башкаруучу партиясы жеңип чыккандан кийинки парламенттин жаңы курамынын биринчи отуруму башталар алдында болгон.

Шайлоодо Су Чжинин партиясы 83 пайыз добуш алган. Мьянманын армиясы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп билдирген.

84
Белгилер:
беттешүү, Мьянма, Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Тамирлан Козубаев россиялык клубга өттү
Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына күйөрмандар киргизилет
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Жыгылып, кайра турду. Тыныбекованын Киевде жеңишке жеткен видеосу

2183
(жаңыланган 20:58 28.02.2021)
Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Алтын үчүн кармашта украиналык күчтүү балбан менен кез келди.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.

"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.

Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.

2183
Белгилер:
видео, жеңиш, күрөш, балбан, Айсулуу Тыныбекова, Киев
Тема боюнча
Жеңишти алдырып ийди! Жоламан Шаршенбеков Киевдеги турнирде утулган видео
Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков. Архив

Жеңишти алдырып ийди! Жоламан Шаршенбеков Киевдеги турнирде утулган видео

293
(жаңыланган 18:57 28.02.2021)
Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев алган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.

"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.

Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.

Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.

Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.

Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.

293
Белгилер:
жеңилүү, чемпионат, балбан, Жоламан Шаршенбеков, Киев
Тема боюнча
Айсулуу Киев мелдешинде атаандаштарын ишенимдүү утуп, финалга чыкты
Антонина Шевченко май айында беттешет. Атаандашы ким
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

0
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

0
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт