1 млн. рубль сыйлык. Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун мелдешине катышат

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTММА боюнча мелдеш. Архив
ММА боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Мелдеш Россиянын Самара шаарындагы MTL Arena спорттук жайында 20-февралда өтөт. Алимардан Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун Гран-при мелдешине катышат. Бул тууралуу аталган промоушендин Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OPEN FIGHTING CHAMPIONSHIP (@open_fc_mma)

Марада бир миллион рубль акчалай сыйлык жана чемпиондук кур бар. Мелдеш Россиянын Самара шаарындагы MTL Arena спорттук жайында 20-февралда өтөт.
Эң жеңил салмактагы мушкер Алимардан Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгат. Чейрек финалдык дагы бир жупта бразилиялык Матеус Сантос менен россиялык Александр Володин кездешет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OPEN FIGHTING CHAMPIONSHIP (@open_fc_mma)

Ал эми сетканын экинчи тарабында Жасур Каримов (Өзбекстан) менен Вячеслав Свищёв (Россия), Самат Жагпаров (Казакстан) менен Айк Казарян (Армения) кармашат.
Кыргызстандык мушкер Россия жана Европадагы бир катар ММА уюмдарынын мелдештеринде катышкан. Акыркы жолу ALASH PRIDE промоушенде беттешке чыккан. Абдыкааров спорттук карьерасында 17 ирет таймашып, 12 атаандашын утуп, беш ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми Эльнар Ибрагимов 2013-жылдан бери ММА спортунда таймашат. Жалпысынан 20 жолу кармашка чыгып, 16 ирет утуп, төрт атаандашына утулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0