БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатын кошуна мамлекеттерден келген эл аралык даражадагы калыстар тейлейт. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Мелдеш бүгүн, 17-февралда, баш калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында башталып, эки күнгө созулат.
Чемпионаттын биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта 120дай балбан килемге чыгат.
"Биз мелдеш калыс өтсүн деген максатта атайын Казакстан, Өзбекстандан эл аралык деңгээлдеги калыстарды чакырдык. Бул турнирде Олимпиадалык лицензиялар ойнотулуучу мелдештерге жана Азия чемпионатына катышчу балбандар тандалат. Ошондуктан бейтарап калыстар тейлесе чыныгы күчтүүлөр чыгат деген максатта ушундай чечим кабыл алынды", — деди башкы машыктыруучу.Аталган мелдешти Спорттук күрөш федерациясы жана Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция биргеликте уюуштуруп жатат.
Алгачкы этаптагы кармаштар саат 11:00дө башталат. Ал эми мелдештин расмий ачылышы саат 17:00гө белгиленген.
Эскерте кетсек, турнирдин жүрүшүн "КТРК-Спорт" телеканалы, Kyrgyz Sport TV жана Bigser Sport Youtube каналдары түз алып көрсөтөт.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил All Elite Wrestling рестлинг-промоушенине чыгып рингден кулап түштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.
NBA легендасы дебюттук кармашында Жэйд Кэргилл менен биргеликте Коди Родес менен Рэд Велветке каршы турган.
Таймаштын жүрүшүндө Родес күүлөнгөн бойдон тулку бою менен секирип, рингдин сыртында турган Шакилге урунган. Баскетболчу атаандашын кучактаган бойдон кулап, жердеги столдун таш-талканын чыгарышкан.
CODY PUT SHAQ THROUGH A TABLE
— Bleacher Report (@BleacherReport) March 4, 2021
(via @AEW)pic.twitter.com/tJq5WqRlrY
Таймаштан соң алп баскетболчуну тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.
Cracking up at Shaq having to bend his knees so they could close the ambulance door pic.twitter.com/T7blaZWLVY
— CJ Fogler #BlackLivesMatter (@cjzero) March 4, 2021
Калыстардын чечими менен жеңиш О'Нил менен шериги Кэргиллге ыйгарылган.
Рестлинг — бул театрлаштырылган спорттук шоу болуп саналат. Анын сценарийи шоу учурунда иштелип чыгат же алдын ала ойлонуштурулат.
Шакил О'Нил — Улуттук баскетбол лигасынын төрт жолку чемпиону. Анын бою 2 метр 16 сантиметр болсо, салмагы 147 килограмм. Ал NBA мелдешинин тарыхында эң көп упай алган алты спортчунун бири болуп эсептелет.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмунда кезектеги беттешине чыгат. Мелдештин расмий постерин аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Хабиб Нумагомедовдун лигасынын EFC 34 мелдеши 19-мартта Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болот.
Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков кыргызстандыктарды улуттук баш кийим — Ак калпак күнү менен куттуктады.
Куттуктоо видеосу Новиковдун Facebook баракчасына жарыяланды.
"Кадырлуу кыргыз элим, урматтуу достор. Бүгүн мамлекетте өзгөчө майрам — Ак калпак күнү. Ак калпак кыргыз элинин башкы белгиси жана ыйык буюму. Ак калпак — бул эр жүрөк, курч мүнөз жигиттин белгиси. Ак калпак — бул Ала-Тоо. Ошон үчүн бийик бололу, Кыргызстан бийиктикте болсун. Майрамыңыздар менен куттуктайм!" — деди Новиков.
Белгилей кетсек, Ак калпак майрамы Кыргызстанда 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен. Бул майрам жер-жерлерде белгиленип, мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.