БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, эки күнгө созула турган мелдеш кечээ, 17-февраль күнү, башталган.
Иш-чаранын ачылыш аземинде министр Кайрат Иманалиев белгилүү балбан Канат Бегалиевге Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамын ыйгарды. Дагы бир белгилүү балбан Каныбек Жолчубековго дене тарбия жана спорттун отличниги наамы берилген.
Өлкө биринчилигине катышуу үчүн республиканын бардык аймактарынан 130 балбан келген. Чемпионаттын биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмактагы балбандар килемге чыкты.Беттештерди тейлөө үчүн кошуна мамлекеттерден эл аралык даражадагы калыстар келген.
Мелдешти Күрөш федерациясы менен Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция биргеликте уюштуруп жатат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.
Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жиу-житсучу жана грэпплер Абдурахманхаджи Муртазалиевге "КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Тиешелүү чечим "КРдин 2021-2024-жылдарга карата бирдиктүү спорттук классификациясы" токтомуна ылайык кабыл алынган.
Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси жана ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган. Мындан тышкары, Жиу-житсу улуттук федерациясынын президенти.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери менен Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Турускул" салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Колго түшкөндөр Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча коррупцияга шектелип жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери көмүрдү тоскоолдуксуз жүктөп кетүү үчүн ар бир айдоочудан 1000 сомдон алып турушкан.
"Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге 15 376 жүк ташуучу унаага көмүр жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде унаалардын саны 22 199ду түзгөн. Натыйжада "Кыргыз көмүрдүн" кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан", — деп айтылат маалыматта.
Ушундай эле схема "Турускул" салмак-габариттик көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан уюштурулганы аныкталды.
"Көмүрдү уруксат берилген көлөмдөн ашык жүктөп өтүү үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турушкан", — дешти УКМКдан.Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын эки кызматкери жана "Турускул" салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору кармалып, Нарын шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.