БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева Эл аралык кесипкөй футболчулар ассоциацияларынын федерациясы уюмунун FIFPro Hero атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Оторбаева адегенде Merit Award (Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык) наамына көрсөтүлүп, анда жеңүүчү боло алган эмес. Бирок уюштуруучулар ага "FIFPro уюмунун баатыры" өзгөчө сыйлыгын ыйгарышкан.
Кыргызстандык футболчу кыз пандемия убагында "Сообща" аталышындагы ыктыярчылар кыймылын түзүп, стационарларда жана кызыл зонада иш алып барган медиктерге жардам көрсөткөн эмгеги үчүн аталган ардактуу наамга көрсөтүлгөн.
"Бул сыйлык мен үчүн өзгөчө маанилүү. Чынын айтсам, менин кичинекей ыктыярчылык аракетим мага ушунчалык алкыш, кубаныч алып келет деп күткөн эмесмин. Азыр да муну аванс катары көрүп жатам. Мен ар дайым жүрөгүмдүн жетегинде болуп, жакшылык менен тынчтыктын тарабында болгум келет", — деген Айдана.
Оторбаева өзүнүн "Сообща" кыймылындагы ыктыярчылардын эмгегин жогору баалап, аларга ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кечээ кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен кармашары белгилүү болду.
Мушкерлер 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешерин уюмдун президенти Дана Уайтка таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу. 52 килограмм салмакта мурда чемпион болгон Андраде жакында эле Шевченконун салмагына — 57 килограммга өттү. Бул дивизиондун чемпиондукка талапкерлеринин тизмесинде бразилиялык спортчу биринчи орунду ээлеп турат.
UFC башчысы Дана Уайт мушкер кыздардын апрелдеги кармашы ушул жылдагы супер беттештердин бири болорун белгиледи.
"Бул беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатам. Валентина бир кездеги Тайсон (Майк) сыяктуу жеңилбес болуп турган чагы. Жакында эле анын дивизионуна Андраде которулуп, Чукагянды (Кетлин) нокаутка кетирип жеңди. Бул өтө кызыктуу кармаш болмокчу", — деген Уайт.
Кечээ жакында Валентина Instagram баракчасына кезектеги беттешине даярданып жаткан видеосун жүктөп, "Максат коюлду" деп жазган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Андраде 30 жашта, Бразилиянын Умуарама шаарында төрөлгөн. Мектепте дзюдо менен алектенип, алгачкы профессионалдык беттешин 2011-жылы өткөргөн. Аралаш мушташка чейин дарыканада, туристтер балык кармаган көлдө, ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген.
ММА спортуна 2013-жылы аралашып, ушул кезге чейин 29 беттештин 21ин уткан. Анын жетөөсүндө жеңишин нокаут менен майрамдаган. Жиу-жутсу, тай боксу боюнча да категориялык курлары бар.Андраде октагондо чагылгандай тез иштеп, күтүүсүз чабуулдарга өтүп, атаандаштарын бүк түшүргөн соккулары менен айырмаланып келет. Кыргызстандык спортчудан бою кичинекей болгону менен сөөктүү.
2019-жылы жазында америкалык чемпион Роуз Намаюнасты UFC 237 турниринин алкагында өзгөчө нокаут менен утуп, чемпиондук наамга ээ болгон. Анда Роузду өйдөрөөк көтөрүп туруп, башы менен жерге сая жыгып, андан соң сокку узаткан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бирок ошол эле жылы күзгө жуук Андраде кытайлык Вэйли Жанг менен күч сынашып, бир мүнөткө жетпеген убакытта нокаут менен утулуп, наамынан ажыраган.
Андраде Шевченко менен беттеши тууралуу комментарий берип жатып, ага оңой атаандаш эмес экенин айткан.
"Мен Шевченкону аябай сыйлайм. Аны жеңүү оор экенин да билем, бирок менин беттештеги стилим ага баш оору жаратат", — деген бразилиялык кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Андраде супер беттешке жан үрөп даярданып, күн сайын үч жолудан машыгып жатканын кошумчалаган.
Окуя ACA Young Еagles Гран-при мелдешинин жарым жеңил салмагынын 8/1 финалында болгон. Беттеште кыргызстандык мушкер толук үстөмдүк көрсөткөн. Кармаштын аягында калыстардын бир добуштан чыгарган чечимине ылайык, Шадид Абдуразаков жеңүүчү деп жарыяланган.
Өзүнүн пайдасына чыккан чечимге чечен мушкери макул эместигин билдирген. Ал беттештин калысы колун көтөрүүгө аракет кылып жатканда колун артка тартып кеткен. Абдуразаков муну менен эле чектелбей, чыныгы жеңүүчү атаандашы экенин колу менен көрсөткөн. Анын мындай кадамы ММА чөйрөсүндө өзгөчө алкоого алынып, социалдык тармактарда күйөрмандардын ыраазычылыгын жараткан. Видеолорго "чечен мушкеринин татыктуу кадамы!", "Чечен спортчусуна урмат-сый!", "Чыныгы эркек!" деген көптөгөн комментарийлер айтылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.
Деген менен уюштуруучулар чечимин өзгөртүп, кыргызстандык мушкер Адилет Нурматовду жеңүүчү деп атады.
Нурматов промоушендин Гран-при мелдешинин чейрек финалына чыкты. Кийинки этаптагы таймаштар качан болору азырынча айтыла элек.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты.
Делегация мүчөлөрү дагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.