Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын чемпионатынын финалында таанымал спортчу Калы Сулайманду жеңип алды.

Зал жарылып кетейин деди! Жоламан Калыны утуп, өлкө чемпиону болгон видео

1712
(жаңыланган 12:21 19.02.2021)
Балбандар килем бетинде 60 килограмм салмакта күч сынашты. Кыргызстанда аталган категорияда атаандаштык күч болуп саналат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын чемпионатынын финалында таанымал спортчу Калы Сулайманду жеңип алды.

Мелдеш кечээ Бишкектеги спорт сарайында өткөн. Балбандардын кармашуусунун видеосун социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.

Кадрдан Шаршенбеков Сулаймановдун беттештин биринчи бөлүгүндө эле күрөш килеминин четине сүрүп барып, басып жыгылганын көрүүгө болот. Пандемияга карабастан турнирге эле толо келип, катуу сүрөөнгө алган.

"Бардыгы атаандаштык күч жана мээнеттүү кармашты күтүп жаткан эле. Жоламанды Олимпиада оюндарына жолдомо алышына ийгилик каалайбыз, Калыны кол куушуруп отуруп калба демекчибиз. Экөө тең кыргыздын татыктуу уулдары", — деп жазылган видеодо.

Белгилей кетсек, өлкө чемпионатын уткан балбан эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алат, анткени бир салмактагы бир нече спортчу сыртка жиберилбейт.

Балбандар 60 килограмм салмакта күч сынашты. Кыргызстанда аталган категорияда атаандаштык күч болуп саналат. Кечээ жакында эле бул салмактагы дагы бир белгилүү спортчу Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктаганын жар салды

1712
Белгилер:
салмак, кармаш, күрөш, балбан, Калы Сулайманов, Жоламан Шаршенбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Жоламандын күрөшүнө олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов баа берди
Кыргызстан оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты

Темир билек балбандар. Оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

42
(жаңыланган 13:55 09.03.2021)
Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулду.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

  • Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
    Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
  • Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди
    Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
  • Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган
    Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС при ПКР
Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган.

"3-5-март күндөрү өткөн мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 100дөй темир билек балбан эркектер жана кыздар катышты. Алар 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109 килограмм жана андан оор салмак категорияларында күч сынашты. Ал эми 45, 49, 59, 64, 71 жана 76 килограмм салмакта кыздар таймашып, мыктылар аныкталган. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлеген оор атлетчилер дирекциянын диплом, медалдары менен сыйланышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Быйылкы жылдын чемпиондору жана байгелүү орундардын ээлери боюнча толук маалыматты агенттиктин сайты аркылуу билүүгө болот.

42
Белгилер:
жыйынтык, мелдеш, чемпионат, Кыргызстан, оор атлетика
Тема боюнча
Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды
Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты
Мушкер. Архив

Үч кыргыз мушкери катышат. Brave CF уюму кезектеги мелдешинин файткартын чыгарды

112
Уюмдун кезектеги мелдеши 11-мартта Бахрейнде өтөт. Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу кеченин башкы беттешинде таймашка чыгат. Дагы эки кыргызстандык атлет дебюттук беттештеринде күч сынашат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Brave CF уюмунун кыргызстандык үч мушкер катыша турган кезектеги мелдешинин расмий файткарты чыкты. Беттешчү атлеттер жубун аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BRAVE Combat Federation (@bravemmaf)

BRAVE CF 47. Asian Domination мелдеши 11-мартта Бахрейнде өтөт. Кыргызстандык мушкер Кубанычбек Абдисалам уулу кеченин башкы беттешинде таймашка чыгат. Ал ММА тармагындагы эң абройлуу UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дай менен кез келет.

Абдисалам уулу 16-январда тажикстандык Жагонгир Саиджамаловду экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Аталган турнирде дагы эки кыргызстандык атлет дебюттук беттештеринде күч сынашат. Немат Абдрашитов россиялык Анзор Абдулхожоев менен кармашса, Рыскулбек Ибраимов казакстандык Асу Алмабаев менен таймашат.

112
Белгилер:
мушкер, мелдеш, ММА
Тема боюнча
Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун лигасында беттешке чыгат
Касым Тыныстановго арналган китеп. Архивдик сүрөт

Касым Тыныстанов өмүр баяны

0
(жаңыланган 16:46 09.03.2021)
Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Чырпыкты айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Билими:

Тилчини атасы Тыныстан сегизге чыкканда айылдагы молдодон билим алууга жөнөтөт. Диний мектепте үч жыл арабча тамга тааныган соң Касым Тыныстанов Сазановка айылында башталгыч мектепте окуп баштаган. Бирок болочоктогу илимпоз үчүн айыл жергесиндеги жөнөкөй мектептер берген билим жетишсиз эле. Мындан улам 1914-жылы өз мезгилинин эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Каракол шаарындагы жергиликтүү орус мектебине кабыл алынат. Бул жерде орус тили, география, арифметика жана тарыхтан сабак алган.

1916-жылы эл менен кошо Тыныстанов да Үркγндүн запкысын тартып, ата-энеси менен Кытайга качкан. Бөтөн жерде жергиликтүү байларга жалданып иштеп, эки жыл жүргөн соң 1918-жылы өз мекенине кайтып келишет. Тыныстанов билим алууну улантууну каалагандыктан Ысык-Көлдүн Тепке айылындагы таякелеринин жанында калат. Бирок бул жердеги окууга ичи чыкпай, Ташкенттеги Агартуу институтунун даярдоо бѳлүмүндө окуган.

Эмгек жолу:

Тыныстановдун илимий ишмердиги жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле башталган. 1920-жылы казак тилинде чыккан "Жаңа Өрис" гезитине бөлүм башчысы болуп дайындалат. Бирок бул кызматта бир жыл турган соң катуу ооруп, кичи мекени Караколго жөнөөгө аргасыз болгон. Кичи мекенинде жөн отурбай драматург катары талантын сынап, Кыргызстандагы алгачкы театр труппасын түзгөн. Дартынан айыккан соң окуусун улантуу үчүн кайрадан Ташкентке сапар алып, ал жерде "Ак-Жол" гезитинде, "Жас Кайрат", "Сана" журналдарында иштеген. Аталган басылмаларда кыргыз тилиндеги материалдарды уюштуруп, алардын басмага берилүүсүнө жооптуу болгон. Ошол эле маалда Түркстан АССРинин Агартуу комиссариатындагы Кыргыз илимий комиссиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынып, институтту 1924-жылы бүтүргөн.

Тыныстанов 1925-жылы 24 жашында Кыргыз автономиялуу облусундагы Академиялык борбордун кыргыз бѳлүмүнүн катчылыгына дайындалган. Кийин Кыргыз педагогикалык институтунда мугалим болуп иштеп, студенттерге сабак берип жүрүп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алган. Өлкөдөгү мугалимдердин санынын өсүүсүнө анын салымы көп. Тыныстанов азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, окуу китептерин, алгачкы грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. Кыргыз тилин алгач араб алфавитине, андан соң латынчага жана акыркы болуп орус тамгаларына ылайыкташтырууга алгачкылардан болуп үндөгөн.

Эмгектери:

Ал — "Окуу китеби", андан соң "Чоңдор үчүн алиппе", "Эне тил", "Социалдык-экономикалык сѳздүк", "Кыргыз тилинин морфологиясы" жана "Кыргыз тилинин синтаксиси" аттуу эмгектердин автору.

Сынган кылыч тарыхый романындагы жазуучу Төлөгөн Касымбековдун сүрөтү
© Sputnik / Нургуль Максутова
Тыныстанов көп өмүрүн мамлекеттик жана илимий иштерге сарптаган. Бирок адабият үчүн да кошкон салымы зор. Ал 1922-жылы "Ала-Тоо" аттуу ыры жарык көргөн. Ошондой эле "Мариям менен көл боюнда" чыгармасы да бар. Анын "Касым ырларынын жыйнагы" 1925-жылы Москвада басылган. Жеке чыгармачылык менен гана чектелип калбай, кыргыз элине таандык оозеки эмгектерди, "Манас" эпосун жыйноого зор көңүл бөлүп, бул жаатта бир нече көлөмдүү илимий макалаларды жазган. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси болгон. Ага кошумча, Тыныстанов тунгуч көркөм котормочу катары да белгилүү. Ал орус жазуучусу Иван Крыловдун тамсилдерин жана Коммунисттик партиянын гимни "Интернационалды" биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Ошондой эле орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен которуп, китеп кылып чыгарган.

Касым Тыныстанов жаш кезинде кургак учук менен ооруп, айыккандан кийин ага "эл душманы" деген жалаа жабылат. Буга ошол кездери театрда коюлуп жаткан Тыныстановго таандык "Академиялык кечелер" спектакли негиз болот. 1933-жылдын башында жазуучу Аалы Токомбаев "Кызыл Кыргызстан" гезитине "Академиялык кече тууралуу" жана "Академиялык кеченин тыянагы" деген эки макала жазат. Анда Тыныстановго карата катуу сын айтылып, улутчулдукка, панисламчыл, пантүркчүл идеяларына сугарылган, эски заманды, бай-манаптарды мактаган деген айыптар тагылат. Ошондой эле жаш кезинде "алаш ордочулар" (1917-20-жылдардагы Казакстан менен түндүк Кыргызстандагы саясий кыймыл) менен санаалаш болуп, алардын пикирлерин колдогон деген күнѳѳ да коюлган.

Тыныстанов 1938-жылы 5-ноябрда СССР Жогорку Аскер сотунун жабык жыйынында күнөөлүү деп табылып, атууга чечим чыгарылат. Өкүм эки күндөн кийин, 7-ноябрда, аткарылган.

Үй-бүлөсү

Касым Тыныстанов менен жубайы Турдубүбү эки уул, эки кызды тарбиялашкан. Алар балдарына Теңдик, Эркиндик, кыздарына Бирдик, Кишимжан аттуу ысымдарды берген.

Жубайлардын тун уулу Теңдик туугандарынын эскерүүсүнө караганда, атасын тарткан өткүр, зээндүү бала болгон. Ал Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кан майданга аттанып, ал жактан башына ок тийип, жарадар болуп келет. Ага карабай дарыгер болууну самап, медициналык окуу жайга тапшырат. Бирок дарт коё бербей, 1947-жылы энесинин колунда кыйналып жатып каза табат. Агасынын жетпей калган кыялын экинчи уулу Эркиндик орундатат. Ал хирургия бөлүмүн аяктап, бир нече райондук ооруканаларда башкы дарыгер болуп иштеп, медицина илимдеринин кандидаты, доцент наамдарын алган.

0
Белгилер:
билим, илим, адабият, тил, өмүр баян, Касым Тыныстанов
Тема боюнча
Бексултан Жакиев — өмүр баяны
Касымалы Жантөшев — өмүр баяны