Мейрамбек Ахметов Венгрияда өтчү күрөш турнирине калыстык кылууга чакырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметов. Архив
Кыргызстандын Олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Белгилүү машыктыруучу бир катар балбандарды тарбиялап, алды Олимпиада оюндарынан байгелүү кайткан.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметов Бириккен күрөш дүйнөсү — UWW тарабынан Венгрияда өтө турган квалификациялык турнирди тескөөгө чакырылды. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.
Турнирдин жыйынтыгы менен мыктылар быйыл Токидо өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.
Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү
Мелдеш 18-марттан 21-мартка чейин созулары айтылды.
Белгилүү машыктыруучу Мейрамбек Ахметов Кыргызстанда бир топ балбанды тарбиялаган. Шакирттеринин бири Канат Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байге алып кайткан.
Sputnik редакциясы буга чейин Ахметов менен баарлашып, эмгек жолу тууралуу сүйлөшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0