Аралаш мушташ өнөрү боюнча мээлейлер. Архив

Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу

655
(жаңыланган 12:05 21.02.2021)
Мелдеш Россиянын Самара шаарындагы MTL Arena спорттук жайында кечээ, 20-февралда, өттү. Марада бир миллион сом жана чемпиондук кур бар.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун гран-при мелдешиндеги беттешин нокаут менен утту. Окуянын видеосун кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер Instagram баракчаларына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон. Атаандашы жерге кулаганда учурдан пайдаланып сокку жаадырган. Калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп, техникалык нокаут деп катталды.

Чейрек финалдык дагы бир жупта бразилиялык Матеус Сантос россиялык Александр Володинди утту.

Эми Абдыкааров жарым финалда Сантос менен кездешет.

Жарым финалдык кармаштын күнү азырынча айтыла элек.

Мелдеш Россиянын Самара шаарындагы MTL Arena спорттук жайында өтүп жатат. Марада бир миллион рубль акчалай сыйлык жана чемпиондук кур бар.

655
Белгилер:
OPEN FC, видео, ММА, нокаут, беттешүү, мушкер
Тема боюнча
Колун толгоп, сулата чаап... UFC 258 турниринин бүйүр кызыткан учурлары видеодо
Россиялык мушкер "көрүнбөгөн" чыканагы менен атаандашын нокаутка кетирди. Видео
Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын Кайрат клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив

"Кыргызстандык Месси" Казакстанда керемет гол киргизди. Видео

306
(жаңыланган 19:08 03.03.2021)
Гүлжигит Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп гол киргизген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.

Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.

306
Белгилер:
Казакстан, гол, кооз, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу
Эки жылдык тыныгуудан соң Бишкекте футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Көк-бөрү ойногон Казакстан жана Кыргызстан улуттук командасы. Архивдик сүрөт

Кыргыз-казак эли спорттун улуттук түрлөрүн, элдик оюндарды өнүктүрөт

84
Эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосунда спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында макулдашуу иштелип чыккан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Президенттин мамлекеттик иш сапарынын алкагында биринчи жолу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.

Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:

  • улуттук спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын улуттук спорттун түрлөрүн эл аралык аренага жайылтууда бири-биринин демилгелерин колдоо;
  • спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялар менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты орнотууга, спорттогу эл аралык федерациялардын жана ассоциациялардын иш-аракеттеринин алкагында алардын өз ара аракеттенишине көмөктөшүү;
  • улуттук спорттун түрлөрүнүн стандарттарын жана эрежелерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдоо;
  • спорттук машыктыруучуларды жана спортчуларды даярдоодо, ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын улуттук спортунун түрлөрү жана элдик оюндары жаатында адистердин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүү;
  • Кыргызстан жана Казакстандын турмушундагы маанилүү даталарга жана окуяларга арналган спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды кубаттоо.
84
Белгилер:
макулдашуу, министрлик, мамлекеттик иш сапар, Казакстан, президент
Тема боюнча
Манас Ниязов Көчмөндөр оюнунда араздашкан казак улакчысы менен элдешти. Видео
Ноорузда өтүүчү көк бөрү мелдешине Казакстандан команда чакырылды
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

0
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео