БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын жана "Бангладеш полис" клубунун оюнчусу Муролимжон Ахмедов Түштүк-Чыгыш Азия премьер-лигасында эсте каларлык топ киргизди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Беттештин 33-мүнөтүндө Ахмедов "Шейх Джамал" клубунун дарбазасына таамай сокку менен гол киргизген. Топ ага айып сокку катары берилген.
"Бул эмне деген гол! Укмуш гол!" — деген кыргызстандык спортчунун чеберчилигине суктанган комментатор.
Эки клубдун беттешүүсү 3:3 эсеби менен аяктаган.
Бул гол бразилиялык Роналдиньонун 2002-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалындагы легендарлуу гол киргизгенин эске салды. Анда Англия менен Бразилиянын командалары беттешкен. Алгач англиялыктар гол киргизип, андан кийин бразилиялыктар эсепти теңдеген эле. Андан соң Роналдиньо айып соккудан гол киргизип, жыйынтыктоочу эсеп 2:1 болгон. Натыйжада бразилиялыктар жарым финалга чыккан.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.
Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жиу-житсучу жана грэпплер Абдурахманхаджи Муртазалиевге "КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Тиешелүү чечим "КРдин 2021-2024-жылдарга карата бирдиктүү спорттук классификациясы" токтомуна ылайык кабыл алынган.
Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси жана ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган. Мындан тышкары, Жиу-житсу улуттук федерациясынын президенти.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Коронавирустун "нигериялык" штаммы Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия провинциясынын Брешия шаарында табылды. Бул тууралуу ANSA агенттиги Италиянын вирусологдор коомунун президенти, микробиологиялык лабораториянын директору Арнальдо Карузого таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин билдиришинче, бул штамм улам-улам мутацияланып турат, учурдагы вакциналар натыйжасыз болушу мүмкүн.
Нигерияда коронавирустун жаңы штаммы табылганы декабрь айында маалым болгон. Африкалык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматы боюнча, жаңы вариант Нигериянын Осун штатында чогултулган үлгүлөрдүн арасында эки бейтаптын анализин изилдөөдө табылган.
Буга чейин декабрдын орто ченинде Улуу Британияда коронавирус — VUI-202012/01 мутациясы табылган. Кийинчерээк ал мурунку вируска салыштырмалуу 56-70 пайызга тезирээк тарай турганы маалым болгон. Ошондой эле бул штамм бейтаптарды өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылган болчу.