Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү

© AP Photo / Jeffrey McWhorterБоец UFC из Бразилии Джессика Андраде
Боец UFC из Бразилии Джессика Андраде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Андраде Шевченко үчүн оңой атаандаш эмес. Бразилиялык спортчу эки жыл мурда 52 килограмм салмактагылар арасында чемпиондук титулду алган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кечээ кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен кармашары белгилүү болду.
Мушкерлер 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешерин уюмдун президенти Дана Уайтка таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ESPN MMA (@espnmma)

Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу. 52 килограмм салмакта мурда чемпион болгон Андраде жакында эле Шевченконун салмагына — 57 килограммга өттү. Бул дивизиондун чемпиондукка талапкерлеринин тизмесинде бразилиялык спортчу биринчи орунду ээлеп турат.
UFC башчысы Дана Уайт мушкер кыздардын апрелдеги кармашы ушул жылдагы супер беттештердин бири болорун белгиледи.
"Бул беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатам. Валентина бир кездеги Тайсон (Майк) сыяктуу жеңилбес болуп турган чагы. Жакында эле анын дивизионуна Андраде которулуп, Чукагянды (Кетлин) нокаутка кетирип жеңди. Бул өтө кызыктуу кармаш болмокчу", — деген Уайт.
Кечээ жакында Валентина Instagram баракчасына кезектеги беттешине даярданып жаткан видеосун жүктөп, "Максат коюлду" деп жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Жессика Андраде деген ким?

Андраде 30 жашта, Бразилиянын Умуарама шаарында төрөлгөн. Мектепте дзюдо менен алектенип, алгачкы профессионалдык беттешин 2011-жылы өткөргөн. Аралаш мушташка чейин дарыканада, туристтер балык кармаган көлдө, ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген.
UFC 247 в Хьюстоне. Валентина Шевченко против Кэтлин Чукагян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2021
Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды
ММА спортуна 2013-жылы аралашып, ушул кезге чейин 29 беттештин 21ин уткан. Анын жетөөсүндө жеңишин нокаут менен майрамдаган. Жиу-жутсу, тай боксу боюнча да категориялык курлары бар.
Андраде октагондо чагылгандай тез иштеп, күтүүсүз чабуулдарга өтүп, атаандаштарын бүк түшүргөн соккулары менен айырмаланып келет. Кыргызстандык спортчудан бою кичинекей болгону менен сөөктүү.
2019-жылы жазында америкалык чемпион Роуз Намаюнасты UFC 237 турниринин алкагында өзгөчө нокаут менен утуп, чемпиондук наамга ээ болгон. Анда Роузду өйдөрөөк көтөрүп туруп, башы менен жерге сая жыгып, андан соң сокку узаткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Бирок ошол эле жылы күзгө жуук Андраде кытайлык Вэйли Жанг менен күч сынашып, бир мүнөткө жетпеген убакытта нокаут менен утулуп, наамынан ажыраган.
Андраде Шевченко менен беттеши тууралуу комментарий берип жатып, ага оңой атаандаш эмес экенин айткан.
"Мен Шевченкону аябай сыйлайм. Аны жеңүү оор экенин да билем, бирок менин беттештеги стилим ага баш оору жаратат", — деген бразилиялык кыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jessica Andrade “Bate Estaca” (@jessicammapro)

Андраде супер беттешке жан үрөп даярданып, күн сайын үч жолудан машыгып жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0