Жыгылып, кайра турду. Тыныбекованын Киевде жеңишке жеткен видеосу

© Sputnik / Абзал КалиевДүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Алтын үчүн кармашта украиналык күчтүү балбан менен кез келди.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0