Эки жылдык тыныгуудан соң Бишкекте футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан курама командасынын оюнчулары футболдук беттеш учурунда. Архив
Кыргызстан курама командасынын оюнчулары футболдук беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Бишкекте акыркы расмий оюн 2019-жылы болгон. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасы Япония жана Тажикстандын командалары менен кездешкен.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте 14-майдан 25-майга чейин "Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогу — 2021" мелдешинин тайпалык этабынын оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.
Конфедерация мелдеш өткөрүлө турган жерди аныктоодо ушундай чечимге келишкен.
"Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргызстандын чемпиону "Дордой" клубу Е тайпасына түшкөн. Бишкектик команда Тажикстандын кубогунун жеңүүчүсү "Равшан" жана Түркмөнстандын вице-чемпиону "Ахал" клубдары менен ойнойт. Борборлоштурулган мелдеш 14-20-май күндөрү Бишкекте өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео
Кыргызстанда акыркы расмий оюн 2019-жылы болгон. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасы Япония жана Тажикстан менен кездешкен. Пандемияга байланыштуу өлкөдө башка эл аралык оюн өткөн эмес.
КФСтин маалымат кызматы графикте өзгөрүү болушу мүмкүн экенин эскертет.
Ал эми Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү "Алай" ойной турган F тайпасынын беттештери Душанбе шаарына белгиленген. Оштун командасы Тажикстандын "Худжанд", Түкмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" жана Өзбекстандын (азырынча аныктала элек) командасы менен таймашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0