"Алай" футбол клубу Европанын Топ-5 лигасында ойноп кеткен Тияни Белаидди алды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваФК Алай. Архив
ФК Алай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Спортчу Италиянын "Интер" клубунда ойноп, чехиялык "Славия" менен эки ирет өлкө чемпиону болгон. Оштук командага чейин ал Ирактын "Эрбиль" клубунун намысын коргогон.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Оштун "Алай" футболдук клубу 15 жыл илгери Италиянын "Интер" клубунда ойногон Тияни Белаид аттуу футболчуну катарына алды. Бул тууралуу команда өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ФК АЛАЙ | FC ALAY 🇰🇬💛🖤 (@fc_alay_osh_news)

33 жаштагы тунистик футболчу 2004-2007-жылдары Италиянын "Интер" клубунда ойногон. Кийин Нидерланддын ПСВ, Англиянын "Халл Сити", Кипрдин АПОЭЛ жана Португалия, Болгария, Германия, Тунис, Греция, Индонезия, Бахрейн өлкөлөрүнүн командаларында оюн көрсөткөн.
Чехиянын "Славия" клубу менен эки ирет өлкө чемпиону болгон. Оштук командага чейин ал Ирактын "Эрбиль" клубунун намысын коргогон.
Тияни Белаид 2006-жылдан 2015-жылга чейин Тунис өлкөсүнүн улуттук командасынын курамында ойногон.
Жаңылыктар түрмөгү
0