Шакил О'Нил рестлингдеги дебютунда рингден кулап, Тез жардам алып кетти. Видео

© AFP / GERARDO MORAАКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил. Архив
АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Бул NBA легендасынын аталган шоудагы дебюттук кармашы болгон. Таймаштан соң аны тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил All Elite Wrestling рестлинг-промоушенине чыгып рингден кулап түштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.
NBA легендасы дебюттук кармашында Жэйд Кэргилл менен биргеликте Коди Родес менен Рэд Велветке каршы турган.
Таймаштын жүрүшүндө Родес күүлөнгөн бойдон тулку бою менен секирип, рингдин сыртында турган Шакилге урунган. Баскетболчу атаандашын кучактаган бойдон кулап, жердеги столдун таш-талканын чыгарышкан.
​Таймаштан соң алп баскетболчуну тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.
​Калыстардын чечими менен жеңиш О'Нил менен шериги Кэргиллге ыйгарылган.
Рестлинг — бул театрлаштырылган спорттук шоу болуп саналат. Анын сценарийи шоу учурунда иштелип чыгат же алдын ала ойлонуштурулат.
Шакил О'Нил — Улуттук баскетбол лигасынын төрт жолку чемпиону. Анын бою 2 метр 16 сантиметр болсо, салмагы 147 килограмм. Ал NBA мелдешинин тарыхында эң көп упай алган алты спортчунун бири болуп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0