Бири курунан ажырап, экинчиси тагынбай ыйлап. UFC чемпиондорунун күтүүсүз видеолору

© AFP / STEVE MARCUSUFC чемпиону Петр Ян. Архив
UFC чемпиону Петр Ян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Россиялык спортчу төртүнчү раундда кокусунан каршылашын тизеси менен башка тээп алган. Өзү беттештен четтеп, наамы атаандашына берилген.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилди.
​Ян Лас-Вегаста өткөн UFC 259 турниринин алкагында америкалык Алджамейн Стерлинг менен кармашкан.
​Россиялык спортчу төртүнчү раундда кокусунан каршылашын тизеси менен башка тээп алган. Стерлинг нокаутка кетип, ага дарыгерлер жардамга келген. Рефери кармашты токтотуп, Янды беттештен четтеткен. Муну менен америкалык атлет жаңы чемпион аталды.
​Стерлинг жеңүүчү аталып жатканда ыйлап, белине тагылган UFC уюмунун чемпиондук курун чечип салган. Маек учурунда мындай жол менен чемпион болууну каалаган эместигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0