Үч кыргыз мушкери катышат. Brave CF уюму кезектеги мелдешинин файткартын чыгарды

Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Уюмдун кезектеги мелдеши 11-мартта Бахрейнде өтөт. Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу кеченин башкы беттешинде таймашка чыгат. Дагы эки кыргызстандык атлет дебюттук беттештеринде күч сынашат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Brave CF уюмунун кыргызстандык үч мушкер катыша турган кезектеги мелдешинин расмий файткарты чыкты. Беттешчү атлеттер жубун аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BRAVE Combat Federation (@bravemmaf)

BRAVE CF 47. Asian Domination мелдеши 11-мартта Бахрейнде өтөт. Кыргызстандык мушкер Кубанычбек Абдисалам уулу кеченин башкы беттешинде таймашка чыгат. Ал ММА тармагындагы эң абройлуу UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дай менен кез келет.
Абдисалам уулу 16-январда тажикстандык Жагонгир Саиджамаловду экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган.
Аталган турнирде дагы эки кыргызстандык атлет дебюттук беттештеринде күч сынашат. Немат Абдрашитов россиялык Анзор Абдулхожоев менен кармашса, Рыскулбек Ибраимов казакстандык Асу Алмабаев менен таймашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0