БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган.
"3-5-март күндөрү өткөн мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 100дөй темир билек балбан эркектер жана кыздар катышты. Алар 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109 килограмм жана андан оор салмак категорияларында күч сынашты. Ал эми 45, 49, 59, 64, 71 жана 76 килограмм салмакта кыздар таймашып, мыктылар аныкталган. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлеген оор атлетчилер дирекциянын диплом, медалдары менен сыйланышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Быйылкы жылдын чемпиондору жана байгелүү орундардын ээлери боюнча толук маалыматты агенттиктин сайты аркылуу билүүгө болот.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Түркияда өткөн Turkish Open Kickboxing European Cup мелдешинде үч алтын жана бир коло медаль алышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Турнир 8-11-апрель күндөрү Анталья шаарында болду.
Мелдештин алтын медалын Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана дагы бир кесипкөй спортчу Марат Мусаев (51 кг) тагынган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми Ахрор Розбаев (57 кг) коло байгеге ээ болду.
Турнирге 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышканы белгиленди.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жаш футболчулар Гиннесстин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу "Газпром" ААКсынын маалымат кызматынан билдиришти.
Компания онлайн-форматта өтө турган "Достук үчүн футбол" эл аралык социалдык программасынын тогузунчу сезонун ачууда. Иш-чара 14-29-май күндөрү өткөрүлөт.
Ал эми иш-чаранын жүрүшүн Эл аралык балдар маалымат борборунан жаш журналисттер чагылдырат. Чемпионаттын катышуучулары "көп улуттун өкүлдөрү катышкан футболдук машыгуу" жана "эң көп адам катышкан футболдук онлайн-иш-чара" багыттары боюнча Гиннесс рекордун жаратууну пландашууда.
"Достук үчүн футбол" — балдардын эл аралык социалдык программасы, 2013-жылы негизделген. Ага 211 мамлекеттен 15 миң спортчу катышат. Буга чейин аталган иш-чарага жалпысынан 6 миллион адам аралашкан. Программанын максаты — футбол аркылуу жаш муунду актуалдуу баалуулуктарга жана дени сак жашоого көндүрүү. Аны УЕФА, ФИФА сыяктуу футболдук ири уюмдар колдойт.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде, мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандардын кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.
"Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш жасагандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.