Грек-рим күрөшү боюнча улуттук команда Өзбекстанда машыгуу өткөрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал чемпионата Кыргызстана по греко-римской борьбе
Финал чемпионата Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылдагы календарлык планына ылайык өтүп жатат.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын балбандары Өзбекстанда окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кошуна өлкөнүн Ангрен шаарында 8-мартта старт алган машыгуу 25-мартка чейин уланат.
Кыргызстандын Олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Мейрамбек Ахметов Венгрияда өтчү күрөш турнирине калыстык кылууга чакырылды
Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылдагы календарлык планына ылайык өтүүдө. Балбандар Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышат.
Улуттук команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев жетектеген насаатчылар менен мыкты балбандар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү. Спорттук иш-чарага катышкан атлеттердин жана машыктыруучулардын тизмеси менен агенттиктин сайтынан таанышсаңыздар болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0