Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын кубогу. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын кубогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Жаңы сезондун биринчи турунун алгачкы оюнунда "Абдыш-Ата" клубу менен "Кара-Балта" командасы беттешет.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бүгүн, 15-мартта, футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2021-жылдагы сезону башталат. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында айтылды.
Жаңы сезондун биринчи турунун алгачкы оюнунда Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу менен "Кара-Балта" командасы беттешет.
Алматылык Кайрат клубунун кыргызстандык футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкуловдун гол киргизип, кайра пас берген видеосу
Ал эми калган оюндар 16-мартка белгиленген. Анда "Алга" – "Илбирс", "Дордой" — "Нефтчи" жана "Алай" — "Каганат" беттештери болот.
Быйыл өлкө чемпионатына 8 команда катышат. Алар: Бишкектен "Дордой", "Алга" жана "Илбирс", Оштон "Алай" жана "Каганат", Кант шаарынан "Абдыш-Ата", Жалал-Абаддан "Нефтчи" жана Кара-Балта шаарынын "Кара-Балта" командалары.
Өткөн жылы бишкектик "Дордой" чемпион болгон. Анда Александр Крестининдин шакирттери биринчиликтин бүтөрүнө бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздаган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0