Аба ырайынан улам футбол боюнча өлкө чемпионатынын беттештери жылды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКаар жабып жаткан учурда футбол боюнча оюну. Архив
Каар жабып жаткан учурда футбол боюнча оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Бүгүн, 15-мартта, футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2021-жылдагы сезонунун алгачкы оюнунда "Абдыш-Ата" клубу менен "Кара-Балта" командасы кез келмек.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча Шоро премьер-лигасынын командаларынын арасындагы жаңы сезондун алгачкы үч оюну белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы Instagram баракчасына жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ШОРО Премьер Лигасы (@kyrgyzpremierleague)

Анда айтылгандай, буга аба ырайы себеп болгон.
"Күндүн бузулуп, оюн талаасынын беттештерди өткөрүүгө даяр эместигине байланыштуу чемпионаттын биринчи туруна белгиленген үч беттеш белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бүгүн, 15-мартта, "Абдыш-Ата" менен "Кара-Балта", эртең "Алга" менен "Илбирс" жана "Дордой" менен "Нефтчи" командалары беттешмек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 16-мартта Ош шаарындагы Акматбек Суюмбаев стадионунда "Алай" менен "Каганат" оюну мурда кабыл алынган мөөнөттө өтөт.
Өткөн жылы өлкө чемпионатын Бишкектин "Дордой" клубу жеңген.
Жаңылыктар түрмөгү
0