Ювентустун чабуулчусу Криштиану Роналду менен Кальяри клубунун дарбазачысы Алессио Краньону

Топко жетем деген Роналду дарбазачыны бетке тепти. Видео

(жаңыланган 12:32 16.03.2021)
Окуя Италия чемпионатынын 27-турундагы "Ювентус" менен "Кальяри" беттешинде катталган. Оюнда туриндиктер 3:1 эсебинде утуп, Роналду хет-трик жасаган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду бутсанын таманындагы "тикенек тиши" менен "Кальяри" клубунун дарбазачысы Алессио Краньону бетке тээп алды. Мындай орой оюну үчүн ал татыктуу жаза албаганын Eurosport маалымат булагы жазган. 

Италия чемпионатынын 27-турундагы бул беттеште Роналдунун хет-триги (бир оюнда үч гол киргизүү) менен туриндиктер 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Атаандаш команда Криштиану Роналдуну калыс беттештен четтетиши керек экенин белгилеген.

​"Биздин оюнчулардын бул оюнга болгон мамилеси мени капалантты. Андан да Роналду ашкере орой оюну үчүн беттештен четтетилбестен, жеңил жаза менен гана чектелгени туура эмес болду. Бул окуя оюнду таптакыр өзгөртүшү мүмкүн болчу. Албетте, ал өтө кооптуу ойноп, биздин дарбазачынын ден соолугуна залака келтирди. Бул үчүн ал кызыл айып кагазы менен жазаланышы керек эле. Бул футболдун эрежесинде жазылган", — деген "Кальяри" клубунун президенти Томазо Джулини.

Кооптуу учур беттештин 14-мүнөтүндө катталган. 36 жаштагы чабуулчу капталдан чыгарылган бийиктеги топко буту менен жетүүгө умтулуп жатып бутсанын "тикенек тиши" менен дарбазачы Алессио Краньону бетке тепкен. Калыс Роналдуну сары айып кагазы менен жазалаган.

​Эскерте кетсек, буга чейин Бразилиянын "Васко да Гама" клубунун коргоочусу Леандро Кастан "Байя" клубунун дарбазачысын бетке тээп алып беттештен куулган болчу.

Белгилер:
ФК "Кальяри", Ювентус, кагаз, айып, оюн, Криштиану Роналду, футбол
Тема боюнча
Атаандашын башка чапкан Месси биринчи жолу кызыл айып кагазын алды. Видео
Оор атлетчи. Архив

Кыргызстандык эки оор атлетчи Олимпиадага жолдомо алууга жан үрөйт

(жаңыланган 10:24 15.04.2021)
Азырынча өлкө атынан эки спортчу гана жолдомо алууга аракет кылмакчы. 2016-жылы өткөн Рио Олимпиадасына катышкан Иззат Артыков Өзбекстанга бара турчу курама командада жок.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчилер Бекдөөлөт Расулбеков менен Эмил Молдодосов Өзбекстандагы лицензиялык Азия чемпионатына катышат.

Мелдеш 15-26-апрель күндөрү Ташкент шаарында болот. Расулбеков 102 килограмм салмакта, Молдодосов 89 килограмм салмакта күч сынашат.

Аларды машыктыруучулар Өмүржан Молдодосов менен Камбар Токтоналиев коштоп барат.

Оор атлетика жайкы Олимпиада оюндарынын катарына киргизилгенин белгилей кетели. Азырынча өлкө атынан эки спортчу гана жолдомо алууга аракет кылмакчы. 2016-жылы өткөн Рио Олимпиадасына катышкан Иззат Артыков Өзбекстанга бара турчу курама командада жок.

Белгилер:
спорт, оор атлетика, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Ааламдагы эң күчтүү адам аныкталып, дүйнөлүк рекорд жаңыланды
Жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова Ташкент марафонунан алтын утушту
Мындан 125 жыл мурда Олимпиада оюндарынын оту жанган

UFC Валентина Шевченконун мыкты ирмемдерин жарыялады. Видео

(жаңыланган 19:18 14.04.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube-каналында дивизиондун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун видеосу жарыяланды.

Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.

Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).

Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.

Белгилер:
беттешүү, кармаш, нокаут, мушкер, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Ай чырайлуу мушкер дебюттук кармашында атаандашын оор нокаутка кетирди. Видео
Жолукчан аял. Архив

Пригородное: аялдар айыл өкмөтүн басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутууда

(жаңыланган 10:41 15.04.2021)
Соцтармакка тараган кадрлардан айыл өкмөтүн басып алган аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллону бар экенин көрүүгө болот.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги менен кызматкерлери жөнөп кетти.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, кызматкерлер коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чараларды көрүүдө. Акциянын катышуучулары эмне талаптарды коюп жатканы азырынча белгисиз", — деп билдирди Чүй ОИИБ.

Анткен менен социалдык тармактарга тараган кадрлардан айыл өкмөтүн басып алган аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллону бар экенин көрүүгө болот. Алар насыясын төлөй албаганы үчүн үйлөрүн алдырып жиберебиз деп нааразы болушууда. Жерине Чүй облусунун башчысы да барганы айтылды.

Белгилер:
өрт, насыя, нааразычылык, аялдар, Бишкек, Чүй облусу
Тема боюнча
"Караван" соода борборунда иштеген ижарачылар кайрадан митингге чыкты. Сүрөт
Шайлоо жыйынтыгы жокко чыксын! Өтпөй калган партиялар митинг өткөрүштү. Видео
Ош шаарында милициянын имаратында зомбулукка каршы митинг өттү. Сүрөт