Келерки аптадан тарта спорттун бир нече түрү боюнча өлкө чемпионаттары өтөт

© AP Photo / David GoldmanКол күрөш боюнча мелдеш. Архив
Кол күрөш боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Мелдештер Олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекцияларынын жана аталган спорттун федерациялары тарабынан уюштурулууда.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Келерки аптадан тарта Кыргызстанда олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча өлкө чемпионаттары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
27- 28-мартта Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында кол күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Балбан билек спортунан чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр арасында мелдеш жүрмөкчү.
27-28-мартта Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда кикбоксингдин лоу-кик түрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Сумочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Бүйүр кызыткан беттеш. Бишкекте сумо боюнча чемпионат өткөрүлөт
10-11- апрелде Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында бел боо күрөшү (Belt Wrestling) боюнча өлкө чемпионаты болот.
Ал эми 15-16-апрелге Кожомкул атындагы спорт ордосунда таяк тартыш (мас-рестлинг) спортунан Кыргызстандын чемпионаты белгиленген. Спорттун аталган түрү боюнча эркектер, аялдар, ардагерлер, өспүрүмдөр жана өспүрүм кыздар таймашат.
Мелдештер олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекцияларынын жана аталган спорттун федерациялары тарабынан уюштурулууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0