БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте сумо күрөшү боюнча шаардын ачык биринчилиги жыйынтыкталып, абсолюттук жарышта 190 килограммдык атлет менен 65 килограммдык балбан кармашты.
Шаардын ачык чемпионатында калаалыктардан тышкары республиканын бир катар облустарынан келген жаштар (18 жашка чейинки) жана чоңдор (18 жаштан ашкан) арасында таймаш жүргөнүн мелдештин башкы калысы Эмирлан Качкымбаев Sputnik Кыргызстанга билдирди.
"Жалпысынан 150дөн ашык сумо чеберлери күч сынашты. Мелдештин максаты — сумо спортун өнүктүрүү жана жайылтуу, атлеттердин чеберчилигин өстүрүү жана мыктыларды аныктоо. Жеңүүчүлөрдөн шаардын командасы түзүлүп, июнь айында Ысык-Көлдө өтүүчү Кыргызстандын чемпионатына катышат", — деди ал.
Чоңдор арасында 65, 70, 85, 100 жана 115 килограммдан жогорку салмакта, ал эми жаштар арасында 35, 42, 48, 55, 65, 70 килограммдагы спортчулар арасында кармаштар өтүп, чемпиондор аныкталды.
Эң алп атлеттер 130 килограммдык Тилек Усупов менен 190 килограммдык Алмаз Эргешов жогорку салмактын жарым финалында беттешти.
Өз салмактарында (чоңдор) чемпион болгон сумо чеберлеринин арасында абсолюттук чемпион наамына таймаш жүрдү. Финалда 190 килограмм салмактагы Алмаз Эргешов менен 65 килограмм салмактын жеңүүчүсү Илияз Нурланбек уулу таймашты. Алп балбан атаандашын жеңип алды.
Мелдештин расмий ачылышына Адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунун координатору Танака Шинья катышты. Сумонун мекени, күн чыгыш өлкөсүнүн өкүлү аталган спортко Кыргызстанда жаш-карысына карабай катышып жатканын көрүп кызыгып, таң калганын айтты.
"Кыргызстанда чоңдор менен катар жаш балдар-кыздар да сумо күрөшүнө кызыкканы мени таң калтырып, сүйүндүрдү. Бирок бул жакта Япониядагы салттуу сумодон кээ бир эрежелеринде бир аз айырма бар экен. Кыргызстан бул мелдешти коңшу Казакстан, Монголия өлкөлөрү менен биргеликте өткөрсө сумо дагы да жаңы деңгээлге чыгат", — деди ал.
Мелдешти мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен өлкөнүн Сумо күрөшү ассоциациясы биргеликте уюштурду.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.
Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.
Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.
Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова да Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Анын финалга чыкканы тууралуу маалымат United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайтына чыкты.
68 килограмм салмак категориясы боюнча финалда кыргызстандык кыз кытайлык Фэн Чжоу менен таймашат.
Жуманазарова жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен утканын uww.asia уюму өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мээрим алгачкы кармашында кытайлык кыз менен беттешкен. Аны 5:3 эсебинде утуп жатып, кармаштын соңуна 14 секунда калганда 5:7 менен утулуп калды.
Ата мекендик спортчу кыз чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 менен уткан.Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Аталган чемпионатта финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
Эскерте кетсек, 76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болду.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.
Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.
Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.