Өлкөнүн футбол боюнча олимпиадалык курамы Непалдагы мелдешке катышат

© Фото / пресс-служба ФФКРОлимпийская сборная Кыргызстана U-23
Олимпийская сборная Кыргызстана U-23 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча өтүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыкмакчы.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футболдук союзу өлкөнүн жаштар (U-23) командасынын курамын жарыялады. Алар бүгүн Непалда башталуучу "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышат.
Командага 23 жашка чыга элек футболчулар кирди.
Казакстандын Кайрат футбол клубунун кыргызстандык жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия боюнча "Аптанын оюнчусу" болду
Мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча жүрүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыгышат. Эки мыкты команда финалда ойнойт. Беттештердин баары Катманду шаарындагы "Дашаратх Рангасала" стадионунда өтөрү белгилүү болду.
Олимпиада оюндарына 23 жашка чейинки футболчулар катышкандыктан, бул курама команда олимпиадалык деп аталат. КФС билдиргендей, мелдешке улуттук команданы чакырышкан. Деген менен өлкөнүн футболдук уюму U-23 курамын жиберүүнү туура көргөн.
"U-23 курама команда быйыл Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Ошондуктан биз аны сынап көрүүнү чечтик. Мындай мелдештер команданын тактикалык жана практикалык жактан даярдыгы үчүн маанилүү. Бул Олимпиада оюндарына тандоого таасирин тийгизбеген жергиликтүү турнир", — деп айылат КФСтин маалыматында.
Нурбек Жолдошев башында турган машыктыруучулар штабы мелдеште ойноочу курамды аныктады.
Дарбазачылар:
  • Эржан Токотаев ("Алга");
  • Артем Прядкин ("Илбирс");
Коргоочулар:
  • Камолиддин Ташиев ("Абдыш-Ата");
  • Жаныбек уулу Аманжан ("Алга");
  • Кумарбай уулу Баяман ("Дордой");
  • Тимур Мажидов ("Нефтчи");
  • Аброр Аскаров ("Нефтчи");
  • Бакыт уулу Султан ("Абдыш-Ата");
  • Эрлан Маширапов ("Алай");
  • Бейбарс Абдрахманов ("Алга").
Жарым коргоочулар:
  • Темирболот Тапаев ("Алга");
  • Тимур Ороз уулу ("Каганат");
  • Эрназ Абилов ("Дордой");
  • Гулжигит Бөрүбаев ("Дордой");
  • Амир Жапаров ("Абдыш-Ата");
  • Айдар Ажымамбетов ("Алай");
  • Келдибек Талантбек уулу ("Алай");
  • Ислам Межитов ("Абдыш-Ата");
  • Данил Артюков ("Алга").
Чабуулчулар:
  • Максат Алыгулов ("Абдыш-Ата");
  • Маматзия Жолдошев ("Дордой");
  • Рыскелди Артыкбаев ("Дордой").
КР футбол командасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндары жайында Японияда өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0