Жакында Бишкекте велосипедчилер жүрүшкө чыгат. Убактысы

© Sputnik / Акылбек БатырбековВеложүрүш. Архив
Веложүрүш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Апрелдин башында велосезон ачылат. Бардык катышуучулар жүрүшкө катышып, андан кийин Орто-Сай айылына пикникке барса болот.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте 4-апрелде быйылкы велосезондун расмий ачылышына арналган веложүрүш болот. Бул тууралуу уюштуруучулар Facebook баракчасына жазды.
Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Brave уюму атаандашын сулата чапкан Немат менен төрт беттешке келишим түздү
Веложүрүш саат 11:30да башталып, Чүй — Манас — Бөкөнбаев — Байтик баатыр — Түштүк дарбаза багыты боюнча өтөт. Болжолдуу түрдө 12:30да турнирдин расмий бөлүгү жыйынтыкталат. Андан кийин каалоочулар Орто-Сай айылына пикникке барса болот.
Уюштуруучулар белгилегендей, катышуучулар шлем кийип, жол кыймылынын эрежелерин сактап, жол инспекторлорунун талаптарын аткарышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0