Японияда атаандашын 6 секундада сулата чапкан нокаут катталды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер беттешүү учурунда. Архив
Мушкер беттешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Атаандашын нокаутка кетирген мушкер буга чейин сумо боюнча мелдештерге чыгып келген. Ал эми ММА спортуна 2020-жылдын сентябрь айында эле өткөн.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Японияда жекшемби күнү өткөн жергиликтүү RIZIN 27 эрежесиз эр уруш мелдешинде атаандашын алты секундада сулата чапкан нокаут катталды. Окуянын видеосун аталган промоушен өзүнүн Twitter-аккаунтуна чыгарды.
​Оор салмактагы япон мушкерлеринин кармашында Цуеси Сударио мекендеши Кадзуси Миямотону оң колдоп урган соккусу менен бүк түшүргөн.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Жессика Ай менен беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Сулата тээп, жыга чапкан кыргызстандык ММА мушкерлеринин нокауттары
Сударио кыска убакытта эле атаандашын эки жолу жерге кулаткан. Адегенде чабуулга кирип келе жатканда каршы сокку уруп кулатып, жерден туруп келе жатканда оң колдоп урган кубаттуу соккусу менен атаандашын эстен тандырган.
Эскерте кетсек, Сударионун ата-теги сумочу болгон. Ал 2020-жылдын сентябрында эле ММА спортуна өткөн. Дебюттук беттешинде Дилон Жеймсти техникалык нокаут менен жеңип алган. Ал эми экинчи кармашында Икухиса Минованы биринчи раундда уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0