Футбол: КР олимпиадалык курама командасы эл аралык мелдештеги алгачкы оюнда утулду

© Sputnik / Бегимай БакашеваКыргыз курама командасынын күйөрмандары футболдук беттеш учурунда. Архив
Кыргыз курама командасынын күйөрмандары футболдук беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
23 жаштан төмөнкү спортчулар ойногон Кыргызстандын курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешине 22-30-март күндөрү катышып жатат. Аларга Бангладеш жана Непал командалары атаандаш.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-23)  "Үч улуттун кубогу" аталышындагы эл аралык турнирде биринчи беттешинде Бангладеш командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Оюн Катмандудагы "Дашаратх Рангасала" стадионунда өттү. Биринчи тайм бангладештик футболчулардын пайдасына 1:0 эсебинде аяктады. КР командасынын коргоочусу Кумарбай уулу Баяман өз дарбазасына гол киргизип алды.
23 жаштан төмөнкү спортчулар ойногон Кыргызстандын курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешине 22-30-март күндөрү катышып жатат. Аларга Бангладеш жана Непал командалары атаандаш. Шарт боюнча бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгып, финалда эки команда беттешет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Алдыда дагы бир оюн бар. Кыргызстандык футболчулар непалдык атаандаштары менен 25-мартта жолугат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0